Өндүрүштөгү гигиенагигиенанын эмгек процесси менен өндүрүштүк чөйрө ортосундагы өз ара байланышты жана анын кишиге тийгизген таасирин изилдөөчү бөлүгү.

Жагымсыз таасирлер түзөтүү

Ал гигиеналык нормативдерди, жагымдуу эмгек шартын камсыз кылуучу чараларды иштеп чыгат. Күч эмгегинде адамдын дене булчуңдарына, ал эми акыл эмгегинде нерв-психикага күч келет. Өндүрүш шартындагы санитария-гигиеналык абалга өндүрүштө иштеген жумушчуну курчаган бардык факторлор: химиялык заттар, чаң, ызы-чуу, дирилдөө, электрмагниттик толкундар, иондоштуруучу нурлануу, метеорологиялык (температура, нымдуулук, абанын кыймылы), жарык, биологиялык факторлор (микроорганизмдер) жана башкалар кирет. Бул факторлордон коргонуу чаралар начар жүргүзүлсө эмгекчилердин ден соолугуна жагымсыз таасир тийгизет.

Маселеси түзөтүү

Өндүрүштөгү гигиенанын негизги маселеси — ушул жагымсыз таасир тийгизүүнүн алдын алуу. Биздин өлкөдө эмгек шарттарын жакшыртуу жалпы мамлекеттик мааниге ээ. Өнөр жай ишканаларын долбоорлоодогу санитариялык нормалар, өндүрүштүк жабдууларга коюлган гигиеналык талаптар жана технологиялык процесстерди уюштуруудагы санитариялык эрежелерде баяндалгандай эмгекти коргоо боюнча эреже, нормаларды сактоо, коопсуздук техникасы боюнча жаңы каражаттарды колдонуу, зыянсыз, коопсуз эмгек шарттарын түзүү ишкана жетекчилеринин милдети. Санитария-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери өнөр жай ишканаларын долбоорлоодо, курууда, реконструкциялоодо жана ишке киргизүүдө жаңы технологиялык жабдууларды, машина, механизмдерди, жаңы нормалардын, эрежелердин сакталышын, эмгек шарттарын текшерет; кесип ооруларынын пайда болуу себептерин изилдейт; аялдардын, өспүрүмдөрдүн эмгегин коргоого көңүл бурулат. Эмгек гигиенасын текшерүү үчүн түрдүү методдор пайдаланылат. Аларга санитария-гигиеналык жактан изилдөөлөр, физиологиялык жана статистика методу кирет. Жумушчуларга зыяндуу шарттары көп өндүрүштө дарылоо-профилактикалык максатта акысыз тамак берилет. Жумушчулар алдын ала же мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өткөрүлөт.

Медициналык кароо түзөтүү

Өзгөчө мындай жерде иштеген аялдарга көп көңүл бурулуп, алардын төрөөсүнө залалын тийгизген факторлору (ууландыруучу заттар, иондоштуруучу нурлануу, вибрация) бар жерде аялдар иштөөгө болбойт. Кош бойлуу аялдар көтөргүч механизмдерде, шаардык транспортто, радиоактивдүү заттарды жана башкалар колдонгон ишканаларда иштөөгө тыюу салынат. Өнөр жайда иштеген жумушчуларды медициналык жактан тейлөөнүн артыкчылыгы, илимий негизделген гигиеналык нормативдерди, эмгектеги рационалдуу режимдерин киргизүү кесип ооруларынын азайышына, эмгек шарттарын жакшыртууга жардам берет.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8