Өндүрүш баасы - капит. чарбада өндүрүш чыгымы менен орто пайда жыйындысына барабар товар баасы, товар наркынын башка түргө өткөн формасы.


Буга байланыштуу базар баасы да өзгөрүп турат. Нарктын өндүрүш баасына айланышы — капита­лизмдин тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасы. Жөнөкөй товардык чарба убагында жанa капитализмдин өнүгүшүнүн алгачкы баскычтарында то­вар өз наркына жакын же теңдеш базар баасы менен сатылган, анткени ал кезде айрым тармактар бири би­ри менен али тыгыз байланышта болбой, капиталдын бир тармактан экинчисине эркин өтүшүн кыйындаткан.

Машина индустриясынын жеңиши менен гана нарктын өндүрүш баасына айланыш процесси аяктаган. Капит. экономиканын кылкасыз өнүгүшүнүн натыйжасында кээ бир өндүрүш тармактары техниканы үзүрлүү пайдаланып, башка тармактардан озуп кеткен. Натыйжада ар кыл өндүрүш тармактарын ээлеген капиталисттердин капиталды ыңгайлуу жанa пайдалуу жумшоо үчүн эрегиши күчөгөн. Ар бир капиталист мүмкүн ката­ры арбын пайда алуу үчүн өз капиталын пайда нормасы жогору тармакка жумшайт. Бул капиталдын бир өндүрүш тармагынан экинчисине башаламан, оош-кыйыш өтүшүнө, пайданын орто (жалпы) нормасынын түзүлүшүнө алый келет. Өндүрүш баасынын өндүрүш наркынан оош-кыйыш болушу нарк законунун таасирин төгүндөбөйт, себеби товар өндүрүү баасынын суммасы анын нарк суммасына барабар.

Монополияга чейинки капитализмде товар Өндүрүш баасы менен сатылса, ал эми империализмде ири монополия­лар товарын Өндүрүш баасынан бир кыйла кымбат баа менен сатат.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.