Өндүрүш мамилелери
Өндүрүш мамилелери - коомдук өндүрүш жанa коомдук продуктунун өндүрүштөн керектөө чөйрөсүнө жетүү процессинде адамдардын өз ара материалдык экон. карым-катнаш жыйындысы.
Өндүрүш мамилелери— коомдук өндүрүштүн эң зарыл жагы. Жеке адам материалдата эч нерсе өндүрө албайт. Байлык өндүрүү, бөлүштүрүү жанa керектөө үчүн адамдар белгилүү бир байланыш түзүп, мамилелеш болуу аркылуу гана табият менен катнашат да, коомдук өндүрүштү жүзөгө ашырат. Өндүрүш мамилелеринин негизин адамдардын өндүрүш каражаттарына карата мамилелери, б. а. өндүрүш каражаттарынын менчиктелишине жараша карым-катышы түзөт. Эмгек процессинде өндүрүштү уюштуруу жанa технология муктаждыгынан улам өндүрүштүк-тех. мамилелер түзүлөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.