Өнөр жай экономикасы
Өнөр жай экономикасы - коомдук өндүрүштүн ири бөлүктөрүнүн бири; экон. илиминин бир тармагы.
Өнөр жай экономикасы илим катары өнөр жайдын өнүгүү закон ченемин жана тартын, алдыдагы милдеттерин, чечүү жолдорун, өндүрүштү пландаштыруу менен башкаруунун илимий ыкмаларын, өндүрүш чараларын, экон. негиздөө методдорун талдайт; өндүрүштү, эмгекти уюштуруу, жайгаштыруу жана башкаруу, негизги фондуну, техниканы, сырьё жана материалды, капитал салымды пайдалануу ишин жакшыртуу, чарб. эсепти еркүндөтүү ж. б. маселелерди иликтейт.
Өнөр жай экономикасы эл чарбасын пландаштыруу, экономика статистикасы, технология жана математика менен тыгыз байланышта. Соц. өнөр жайдын айрым тармагы жалпы өнөр жайдын органикалык бөлүктөрү болгондуктан тармак экономикасынын өнүгүшү жалпы өнөр жайдын өнүгүү закон ченемине ылайык болот.
Айрым тармак экон. мамилелер менен эмес, өзүүн материалдык-тех. базасынын, техникасынын жана технологиясынын өзгөчөлүктөрү, продукциясы, өндүрүштү, эмгекти уюштуруудагы шарты менен айырмаланат. Бул өзгөчөлүктөр өнөр жай тармактарындагы белгилүү бир айырмачылыктын шарты болот. Натыйжада ар тармакты экономика илиминин өзүнчө бир тармагы изилдейт. Мис., машина куруу өнөр жай экономикасы, химия өнөр жай экономикасы ж. б.
Ишкана ичиндеги пландаштыруу, өндүрүштү, эмгекти, чарб. эсепти уюштуруу сыяктуу маселелер өзүнчө атайын курста өтүлөт да, ишкана экономикасы деп аталат. Факт жыйноо, жалпылоо, талдоо — экон. изилдөөнүн орчундуу жагы. Өнөр жай экономикасын изилдөөдө жекеден жалпыга, жалпыдан жекеге өтүү методу, топтоо жана математиканы колдонуу маанилүү. Өнөр жай экономикасы өндүрүштү уюштуруунун алдыңкы ыкмаларын колдонуп, жогорку натыйжалуулукка жетүүнү камсыз кылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.