Өсүмдүк рагы - өсүмдүктүн мите козу карындан, бактериядан, кээде катуу сууктан пайда болуучу шишик илдети.

Ага көбүнчө картошка, кызылча, алма, алмурут, чие ж. б. чалдыгат. Картошка рагы — коркунучтуу карантин илдет. Аны пайда кылуучу мите козу карын тонуракта кыштайт. Алма, алмурут, жаңгак, чие ж. башкалардын рагында дарак сөңгөгү, жалбырагы, кабыгында жанa мөмөсүндө кара күрөң чуңкур так пай­да болот да, ал чоңоюп шишикке айланат.

Тамырда азык заттардын айланышы начарлап, түшүм өтө төмөндөйт. Өсүмдүк рагынан алманын кара рагы өтө зыяндуу. Илдеттүү дарак 3—4 жылда чирийт.

Күрөш чарасы: топуракты дезинфекциялоо, илдегтүү бутактарды кыркып, кабыгын, мөмөсүн, жалбырагын чогултуп өрттөө, каран­тин чектөө, Өсүмдүк рагына туруктуу сортторду өстүрүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.