Өткүн куштар, келгин куштар — уялаган жеринен кыштоочу жайларга (күзүндө) жана кайра уялоочу жерине (жазында) жыл сайын учуп өтүүчү канаттуулар.

Куштардын өтүүсү — климаттын өзгөрүшүнө карай тиричилик өткөрүүгө ыңгайлангандык. Алардын өткүн болушу— түрлөрдүн жаңы аймакка таралышындагы же жашаган чөйрөсүнүн өзгөрүүсүнө карата жер которуштуруп жүрүүчү өзгөчөлүк. Ошого байланыштуу бир эле түрдүн ичинде чөйрөгө алардын тургундары, келгиндери же өткүндөрү болушу мүмкүн.

Куштардын жер которуштуруп бөлөк жактарга учуп кетүү мөөнөтү көбүнчө алардын азыктануусуна жараша (мис., урук жечү куштар эрте, курт-кумурска жечүлөр кечирээк) ар түрдүү болот. Казакстан, Сибирь жана тундрада уялаган куш­тар күзүндө тропик өлкөлөргө жол тартат, жазында кайра келет. Кыргызстанда Өткүн куштардын 60тай түрү бар. Учуу жолунда Күн, жылдыз, Ай ж. б. табигый шарттарга карап багыт алары белгилүү. Алардын келип-кетиши ж. б. биол. изилдөөлөр куштарды шакектөө менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.