Өткүрбек Жамшитов
Өткүрбек Жамшитов (4-сентябрь 1975, Төлөйкөн, Кара-Суу району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР) — Мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын башкы прокурору.
Жамшитов Өткүрбек Асилбекович | |||
| |||
---|---|---|---|
24-апрель 2018 | |||
Өкмөт башчысы: | Мухаммедкалый Абылгазиев | ||
Президент: | Сооронбай Жээнбеков | ||
Андан мурунку: | Индира Жолдубаева | ||
Туулган жылы: | 4 -сентябрь 1975 (49 жаш) | ||
Туулган жери: | Төлөйкөн, Кара-Суу району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР | ||
Билими: | Кыргыз Мамлекеттик Университети, юриспруденция факультети | ||
Кесиби: | юрист |
Өмүр баяны
түзөтүү1996-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. 1997-жылы Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп иштөө менен баштаган. 1999-2008-жылдары Талас шаарынын, Бакай-Ата, Алай райондорунун, Ош облусунун прокуратураларында тергөөчү болуп иштеген. 2008-жылдын 21-январында Кадамжай районунун прокурорунун орун басары кызматына дайындалган. 2011-жылдан баштап Лейлек районунун прокурору болуп иштеген. 2015-жылдын 1-июлунда Жалал-Абад облусунун прокурорлугуна дайындалган.