Индира Жолдубаева (11-апрель 1979 Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргыз Республикасынын экс-башкы прокурору (2015-2018-ж.ж.), мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.Индира Жолдубаева 1979-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн.

Индира Жолдубаева
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын башкы прокурору
29-январь 2015 — 13-апрель 2018
Өкмөт башчысы: Темир Сариев
Сооронбай Жээнбеков
Сапар Исаков
Президент: Алмазбек Атамбаев
Сооронбай Жээнбеков
Андан мурунку: Аида Салянова
Андан кийинки: Өткүрбек Жамшитов
 
Туулган жылы: 11 -апрель 1979(1979-04-11) (44 жаш)
Туулган жери: Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР
Билими: Кыргыз Мамлекеттик Университети, юриспруденция факультети
Кесиби: юрист

Билими жана кесиптик ишмердиги түзөтүү

Индира Жолдубаева 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “Юрист” адистиги боюнча бүтүргөн.

Университетти аяктагандан кийин жана 2003-жылга чейин “Сорос-Кыргызстан” коомдук фондунун “Калктын аз камсыз болгон катмарына юридикалык жардам көрсөтүү” долбоорунда юридикалык консультант болуп иштеген.

Андан кийин эки жыл бою «“Манас” эл аралык аэропорту» ААКнын жетектөөчү юридикалык кеңешчиси болгон. 2005-жылы “Компаньон” финансы тобу” МККда юрист болуп иштеген.

Бир жылдан кийин “ДЕКА” ЖАКтын аткаруучу директору жана ошол эле маалда ишкананын юристи кызматын ээлеп, бул жерде 2008-жылдын мартына чейин иштеген.

2008-жылы Жолдубаева “Ак үйгө” мамлекеттик кызматка чакырылып[1], президенттик администрациянын укук бөлүмүндө сот органдарынын секторунда эксперт болуп иштеген. 2009-жылдын февраль айынан ноябрь айына чейин И.Жолдубаева Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Аппаратынын укуктук саясат бөлүмүнүн укуктук талдоо жана экспертиза секторунун башчысы болуп иштеген.

2009-жылдын ноябрынан 2010-жылдын августуна чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кызматына дайындалган.

Бир жыл бою – 2010-жылдан 2011-жылга чейин Индира Жолдубаева КР Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүн жетектеген.

2011-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Ал эми 2015-жылдын 28-январынан тарта Индира Жолдубаева Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалып, бул кызматта 3 жыл иштеген (2015-жылдын 29-январынан 2018-жылдын 13-апрелине чейин). 2018-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында аны Башкы прокурорлуктан бошотууга 105 депутат “макул”, 2 депутат “каршы” добуш берип, жыйынтыгында президенттин сунушу колдоо тапкан.

Наамдары түзөтүү

Индира Жолдубаева – мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

2017-жылы КРнын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен ага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” [1]ардактуу наамы ыйгарылган.

Кызыктуу фактылар түзөтүү

Индира Жолдубаева КР Конституциялык сотунун мурдагы төрайымы Чолпон Баекованын жээни.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Атасы – медицина илимдеринин доктору, профессор Ырысбай Жолдубаевич Жолдубаев

Төрт агасы жана үч эжеси бар экени белгилүү.

Шилтемелер түзөтүү

Ашыркул Оморов. Жолдубаева Индира Ырысбаевна — өмүр баяны.//https://sputnik.kg/20170927/zholdubaeva-indira-yrysbaevna-omur-bayany-1035425286.html

Султан Досалиев.Индира Жолдубаева Башкы прокурорлуктан алынды.//https://sputnik.kg/20180413/indira-zholdubaeva-bashky-prokurorluktan-ketti-1038649937.html

Эламан Карамышаков.Туулган күнүндө кызматынан кол жууган Индира Жолдубаева тууралуу 6 факты.//https://sputnik.kg/20180411/indira-zholdubaeva-tuuraluu-5-fakty-1038604965.html

Султан Досалиев. Индира Жолдубаева коррупция менен күрөшүүнүн планы иштелип чыкканын айтты.//https://sputnik.kg/20180328/bashky-prokuror-zholdubaeva-korrupciya-kurosh-plan-1038388368.html

Эскертмелер түзөтүү

007