Өтө коркунунчтуу инфекциялар
Өтө коркунунчтуу инфекциялар, карантин оорулары - эң жугуштуу, бат таралуучу, тезинен эпидемиялык түргө айланып, өз убагында жардам көрсөтүлбөсө өлүмгө учуратуучу коркунучтуу дарттар.
Буларга чума, чечек, холера ж. б. кирет. Россияда жугуштуу ооруларды таратпоо үчүн карантин чаралары 16-кылымдан башталган. Өтө коркунунчтуу инфекциялардын алдын алуу, күрөшүү чараларын жеңилдетүү үчүн эл аралык макулдашуу уюмдары, эпидемияларта каршы конференциялар уюшулган. 1926-ж. Парижде 14-эл аралык санитариялык конференцияда Өтө коркунунчтуу инфекциялар боюнча дүйнөлүк конвенция кабыл алынган. Азыр бул оорулардан өлкөлөрдү сактоо маселесин Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тейлейт. Эл аралык санитариялык эрежелердин негизинде СССР аймагын карантин ооруларынан коргоо эрежеси түзүлгөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.