Карантин
Карантин (итал. quaranta giorni – кырк күн) медицинада – жугуштуу оорулардын (чума, холера, чечек жана башка) чыккан жеринен таралып кетүүсүн алдын алуучу административдик, санитариялык жана эпидемияга каршы чаралар жыйындысы.
14-кылымда Италияда 1-жолу карантин киргизилип, чума таралган өлкөдөн келген кемелерди 40 күн портко жолотпой, ачык деңизде кармашкан. Карантинге жеке адам, үй-бүлө, бала бакчасы, жатакана, аскер бөлүгү, кеме, айыл-кыштак, район, облус, мамлекет жана өлкө аймагы жана башка алынат. Карантинге алынган зонадан башка жакка барууга алдын ала абсервациядан (убактылуу бөлүп, медициналык байкоо жүргүзүү) өтмөйүнчө тыюу салынат. Мөөнөтү оорунун түрүнө жараша (жашыруун мезгилинен ашык) болот. Мисалы, холерада 5 күнгө, ич келтеде – 21 күнгө, сарыкта 1,5–2 айга созулат. Эгерде карантинге алынган жамаатта же үй-бүлөдө жаңы киши ооруса, карантиндин мөөнөтү ошол күндөн баштап кайра узартылат. Ветеринарияда – карантин коюунун тартиби, ылаңга каршы көрүлүүчү иш-чаралар, карантиндин мөөнөтү жана аны алдын алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан иштелип чыккан ветеринардык уставда жана инструкцияларда каралган. Ылаң чыккан очоктон айланадагы жаныбарларга тез жугуучу ылаңдын диагнозу аныкталганда, тез арада карантин коюлат. Карантин коюлуучу аймак (айыл, жайыт, ферма, чарба, район) ар бир инфекциялык ылаңдын өзгөчөлүгүнө жана ылаң чыккан жердин ыңгайына жана башка кошумча факторлорго карата аныкталат. Карантин коюлган учурда аймак аркылуу малды айдап (транспортко салып) өтүүгө болбойт; чыккан ылаңды тез жугузуучу жаныбарлар бул аймактан сыртка чыгарылбайт жана киргизилбейт; ал аймактан жаныбарларды, алардын продуктуларын, жаныбар сырьёлорун, тоют даярдоого тыюу салынат; базарлар жабылат, ошол жердеги соо малды ылаңдуулары менен чогуу жаюуга, сугарууга, бир сарайда кармоого тыюу салынат; жугуштуу ылаңдан өлгөн малдын өлүгү тез арада өрттөлөт же утилденет; ылаңдаган же ылаң боюнча шектүү малдын тезеги (кыгын, жампасын), төшөлгөсү жана тоют калдыгы жугушсуздандырылат же өрттөлөт; мал сарайларга, куш короолорго баруучу жолдор жабылат. Эгерде темир жол станциясына, аэропортко, көлдөгү, портторго карантин коюлса, Айыл чарба министрлигинин чечими боюнча ветеринардык инструкцияга таянып, жаныбарды, алардын продуктуларын, сырьёлорун, тоюттарды сыртка же ичке ташууга тыюу салынат. Карантин эрежесинин так аткарылышын мамлекеттик ветеринар инспекторлор көзөмөлдөйт. Өтө коркунучтуу жугуштуу ылаң чыккан учурда республикалык, областтык. жана ветеринардык уюмдар убактылуу атайын ветеринардык карантиндик отряддарды, постторду түзүп, карантин эрежелеринин так аткарылышы көзөмөлгө алынат. Карантин ылаң толук токтогондон кийин, пландалган иш-чаралар толук аткарылган соң, ветеринардык инструкцияга таянып, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (акимчиликтин) чечими менен алынат. Эл аралык масштабда карантин эрежелерин Эл аралык эпизоотиялык бюро (борбору Парижде) даярдайт.
Коронавирус учурундагы карантинде өзүңдү кантип алып жүрүү керек
түзөтүүӨзүңдү чектөө жана карантин деген эки түшүнүктү айырмалап алуу зарыл. Өзүбүздү чектөө – бул биздин ден соолугубузду өз эркибиз менен сактообуз жана оору жугуп калуу коркунучун азайтуубуз, ошонубуз менен медициналык мекемелерге түшүүчү жүктү азайтуубуз. Өзүң жана башкалар тууралуу кам көрүү ыкмасы. Карантин коронавирус инфекциясы жайында болбогон өлкөлөрдөн саякаттан же иш сапарынан келгендерге, ошондой эле оорулуулар менен байланышта болгондорго тиешелүү. Карантинге медициналык кызматкерлер расмий түрдө жөнөтүлөт.[1]
Эгер сиз карантинде болсоңуз, буларды билип алыңыз:
- Карантин 14 күнгө созулат. Бул коронавирус инфекциясынын инкубациялык, башкача айтканда, алгачкы симптомдор пайда болгон мезгили.
- Карантин учурунда атүгүл жөнөтмө алуу же азык-түлүк сатып алуу үчүн да үйдөн чыгууга болбойт.
- Квартирада жашагандар мүмкүн болушунча айрым-айрым бөлмөлөрдө болуусу керек.
- Карантинде өзүнчө идиш, жеке гигиена каражаттарын, ич кийим жана сүлгүлөрдү колдонуу керек.
- Азык-түлүктү онлайн буйрутма берүү же карантинде отургандарга жардам беришкен ыктыярчылар аркылуу алдыруу сунушталат.
- Жекече сактануу жана дезинфекциялоочу каражаттарды (маска, спирттелген салфеткалар) колдонгула.
- Бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетип жана суу менен тазалап-жыйноо жыйыштыруу керек.
- Көчөгө атүгүл, таштанды төгүп келүү үчүн да чыгууга болбойт. Эмне кылуу керек? Ыктыярдуу жардамчыларды чакыруу керек, бул мисалы, сиздин тааныштарыңыз болушу мүмкүн.
- Эгер адам үй карантинин бузса, анда аны инфекциялык стационарга жайгаштырышат. Карантинде болгондордун баарына медициналык байкоо жүргүзүшөт жана сөзсүз түрдө температурасын (дене табын) текшеришет.
- Карантиндин 10-күнүндө врачтар COVID-19ге изилдөө жүргүзүү үчүн материал жыйнашат (мурундан же тамактан сүртмө алуу).
Эки жумалык обочолонуудан кийин, эгерде адамда оорунун белгилери жок болсо, ошондой эле карантиндин 10-күнүндө алынган материалды лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы терс болгондо, күнүмдүк жашоо таризине кайтууга
болот.[2]
Карантин убагында эмне кылбоо керек?
түзөтүүТЫЮУ САЛЫНАТ:
- Массалык иш-чараларды, анын ичинде форумдар, конференциялар, семинарлар, ошондой эле үй-бүлөлүк, эскерүү жана спорттук иш-чараларды өткөрүү;
- Топтошуп жаратылышка чыгууну уюштуруу жана уруксат берилбеген пляждарда сууга түшүү;
- 65 жаштан ашкан адамдардын шаарда жүрүүсүн чектөө.
УРУКСАТ БЕРИЛЕТ:
- Ачык абадагы жекече спорттук машыгуулар;
- Жаратылышка жекече же бир үй-бүлөдөн үч адамдан ашпаган киши болуп чыгуу;
- Жумуш ордунан жеке же үчтөн ашпаган киши болуп чыгып келүү;
- Короолордо, парктарда, аянттарда, гүлзарларда, дарыя жээктеринде жекече же үч адамдан ашпаган топ менен сейилдөө;
- Коомдук тамактануу жайларынын жумуш жана дем алыш күндөрү саат 10:00дөн 22:00гө чейин иштеши.
- Кафе жана ресторандардын жумушу – 30 орун менен ачык абада, коңшулаш столдор менен эки метрден кем эмес социалдык аралыкты сактоо менен гана.
- Автобустардын кыймылы санитардык талаптарды кыйшаюусуз аткаруу менен гана жандандырылат. Автобустар саат 6:00дөн 21:00гө чейин жүрөт. Коомдук транспортто маска милдеттүү тагылат. Шаардык маршруттар гана ишке чыгышат.
- Коомдук жайларга барууда маска тагуу боюнча талаптарды аткарып, антисептиктерди колдонуу, ошондой эле эки метрден кем эмес социалдык аралыкты сактоо керек.[3]
Карантинди бузганы үчүн жазана
түзөтүүӨК шарттарында коомдук тартипти бузганы үчүн – 5 миң сомдон 17 миң сомго чейин; ӨК режиминин талаптарын бузганы үчүн – 2 категория менен бир жылга чейин эркиндикти чектөө менен 15 миң сомдон 60 миң сомго чейин жазана, 60 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу; карантинди сактабоо – 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин .[4]
Карантинге жаткырылгандардын ден соолугуна байкоо жүргүзүүгө коюлган талаптар
түзөтүүКарантинге жаткырылгандардын ден соолугуна байкоо жүргүзүүгө коюлган талаптар. Карантин учурунда мекемедеги адамдарга дене табын текшерүү жана симптомдорго БДСУнун (ВОЗ) жана/же эпидкөзөмөлдүн протоколуна ылайык байкоо жүргүзүү, ошондой эле ооруну аныктоо учурларын эске алган күнүмдүк байкоо жүргүзүү керек. Эпидкөзөмөлдүн кошумча чаралары же кошумча дарылоо оорунун оор өтүү мүмкүнчүлүгү бар адамдар тобуна (60 жаштан ашкандар жана кошумча оорусу барлар)
керектүү. Карантиндик мекемеде ар түрдүү ресурстар менен камсыз болуу көйгөйлөрүнө, анын ичнде штаттын толук комплекттелгендигине жана эмгек режими менен кызматкерлердин эс алуусу сыяктуу маселелерге көңүл буруу зарыл. Бул айрыкча, саламаттык сактоо тутумунун чектелүү ресурстарын биринчи кезекте дарылоо- профилактикалык мекемелерге, ошондой эле жаңы учурларды аныктоо боюнча иш- чараларга багыттоо зарыл болгон оорунун тез башталып кетүү шартында маанилүү.[5]
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
Шилтемелер
түзөтүү- https://www.kp.ru/putevoditel/zdorove/koronavirus/karantin-doma-pri-koronaviruse/
- https://www.socialscienceinaction.org/resources/february-2020-social-science-humanitarian-action-platform/
- https://ru-ru.facebook.com/www.uz24.uz/posts/3640275469379680/
- https://www.akchabar.kg/ru/news/za-narushenie-karantina-predusmotren-shtraf-ot-30-do-60-tysyach-(жеткиликсиз шилтеме)
- https://apps.who.int/iris/bitstream/handle/10665/333560/WHO-2019-nCoV-IPC_WASH-2020.4-(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ https://www.kp.ru/putevoditel/zdorove/koronavirus/karantin-doma-pri-koronaviruse/
- ↑ https://www.socialscienceinaction.org/resources/february-2020-social-science-humanitarian-action-platform/
- ↑ https://ru-ru.facebook.com/www.uz24.uz/posts/3640275469379680/
- ↑ https://www.akchabar.kg/ru/news/za-narushenie-karantina-predusmotren-shtraf-ot-30-do-60-tysyach- somov/#:~:textө%D0%BD%
- ↑ https://apps.who.int/iris/bitstream/handle/10665/333560/WHO-2019-nCoV-IPC_WASH-2020.4- rus.pdf?sequenceө17&isAllowedөy