Өт пигменттери - өттүн составында, аз санда канда жанa ткандарда болуучу боёочу заттар.

  • Киши жана жырткыч айбандардын өтүнөн жашыл түстөгү биливердин, кызгылт сары билирубин пигменти табылган. Көбүнчө боордо жанa көк боордо гемоглобиндин ажыроосунап суткасына 280 лга жакынӨт пигменттери пайда болот.
  • Боордон чыккан Өт пигменттери ичегидеги бактериялар аркылуу стеркобилиногенге айланып, организмден керексиз зат­тар менен сыртка чыкканда стеркобилинди пайда кылат.
  • Өт пигменттери кислоталык касиетке ээ, металлдар менен туздарды (кээде эрибеген) пайда кылат.
  • Өт пигменттери Боткин оорусу менен ооруганда канда, заарада, териде көбөйүп кетет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.