Башбаракты ачуу

“Манас” эпосунун академиялык басылышы

“Манас” эпосунун академиялык басылышы (1995–1997-ж. Бишкек). Бул эмгек Манастаануу жана көркөм маданияттын азыркы директору А. Акматалиевдин жетекчилиги менен иш жүзүнө ашкан. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча алгачкы ирет академиялык басылыш түрүндө жарык көрө баштаган. “Манас” бөлүмү С. Орозбаковдун варианты боюча 4 томдугу жана С. Каралаевдин вариантындагы 3 томдугу жарыкка чыкты, ага удаалаш эле “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрү да жарык көрмөкчү. Кыргыз элинин улуу мурасы, улуттук сыймыгы болгон “Манас” эпосу – мазмунунун кеңдиги, баяндалган ой-түшүнүктөрүнүн тереңдиги, көркөмдүк деңгээлинин кол жеткис бийиктиги менен жалпы адамзаттык рухий казынада ардактуу орундардын бирин ээлеген уникалдуу көркөм дөөлөт. Эпосту окумуштуулар да өзгөчө орунга коюп өтө жогору баалашат. Эпостун академиялык басылышы дүйнө элдеринин бул чыгармага кызыккан өкүлдөрүнө “Манастын” улуттук касиеттерин таасын көрсөтүп, терең түшүнүүгө көмөк болмокчу. Сагымбайдын вариантынын мыкты сапат-касиеттери мурдатадан эле “Манас” изилдөөчүлөр тарабынан сөзгө алынып, жогору бааланып келгендигине карабастан, узак жылдар бою түрдүү себептер менен анын тексттерин толук түрдө жарыялоого мүмкүнчүлүк болгон эмес. Чоң күч жумшалып, азап-тозок менен жарыкка чыгарылган айрым үзүндүлөр да же оңдолуп, же абдан кыскартылган түрдө жарыяланып келген. Ошондуктан өлкөдөгү саясый кырдаал өзгөрүп “Манаста” мурда кандай айтылса, ошол түрүндө элге жеткирүү мүмкүнчүлүгү туулганда Сагымбайдын вариантын толук, академиялык бастыруу мүнөзүндө чыгаруу идеясы колго алынып, КРУИАсындагы Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун “Манас” бөлүмүнүн кызматкерлери тексттерди басмага даярдоо ишине киришти. Иштеле турган иш коллектив үчүн таптакыр жаңы, көп кырдуу, өзгөчө татаал, зор көлөмдүү болгондуктан, өтө көп күч аракетти, узак убакытты, талыбас системалуу эмгекти талап кылган. Мындай зор көлөмдөгү чыгарманын академиялык басылышы туурасында дүйнөнүн башка элдеринде мурда-кийин иштелген тажрыйбасы да белгисиз эле. Андыктан, коллективдин сунушу боюнча С. Мусаев тарабынан фольклор илиминдеги тажрыйбаларга, кеңири белгилүү болгон жыйынтыктарга таянуу менен, “Манас” эпосунун өзгөчөлүгү, көлөмү, көп варианттуулугу, варианттардын мүнөзү, тексттердин качан, кандай жазылгандыгы жана башка эске алынып, “Манас” эпосун академиялык бастырууга даярдоонун негизги принциптери иштелип чыккан. Иш негизинен ошол жол-жобо принциптерге таянып жүзөгө ашырылып жатат. С. Орозбаковдун вариантынын көркөмдүк деңгээли жогору экендиги баарына маалым. Ал туурасында кезинде А. Осмонов, К. Маликов, Ч. Айтматов да өз ойлорун айтышкан. Бирок, академиялык басылышка даярдалып жаткан 180 миңден ашуун ыр жолунан турган тексттердин сапаттык деңгээли бир кылка эмес. Мындай зор көлөмдөгү чыгарма баштан аяк бирдей, эң жогорку деңгээлде болушу мүмкүн да эмес. Академиялык басылышта солгун чыккан ыр саптары да кезигип, алар эч кыскартуусуз берилген. Бул басылыштын тутумуна кирген, эл арасында көп аткарылып, электен өтүп, терең иштелип чыккан эпостогу салттык туруктуу окуя-эпизоддор мазмуну жактан да, формасы боюнча да жогорку деңгээлде. Булардын катарына “Манастын төрөлүшү, балалык чагы”, “Ала-Тоону душмандардан бошотуу”, “Көкөтөйдүн ашы”, “Чоң чабуул” жана башканы кошууга болот. Ал эми анча көп аткарылбаган же жаздыруу учурунда алгач киргизилген, ошондой эле сырткы себептердин таасири менен чала айтылган, эпизоддор окуясы болсун, көркөмдүгү болсун жогоруда саналгандарга караганда кыйла төмөн. Биринчи томдо тексттерден мурда Р. З. Кыдырбаеванын, С. Мусаевдин “Баш сөздөрү” берилген. Ал макалалардын мазмуну эпоско жалпы мүнөздөмө берүү, жыйноо, бастыруу, изилдөөлөр жөнүндө кабарлар, манасчылардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү сыяктуу маалыматтарды камтыйт. Ар бир том пландаштырылган принциптердин негизинде басмага даярдалган. Негизги тексттерден кийин, зор эмгекти талап кылган “түшүндүрмө” бөлүмү берилген. Мында, “Тексттердеги айрым сөздөрдүн катчылар тарабынан жазылышы”, “Айрым сөздөрдүн түшүндүрмөлөрү жана комментарийлери”, “Китепке кирген окуяларда кезиккен адам аттары”, “Окуяларда учураган топонимдер”, “Бул китепке кирген эпизоддордун мурда жарык көргөн үлгүлөрү”, “Айрым белгилүү манасчылар, алардын варианттары жөнүндө” (Тоголок Молдо, Ж. Кожеков, Ш. Рысмендиев, Б. Сазанов, М. Мусулманкулов, Ы. Абдырахманов, С. Каралаев, М. Чокморов) сыяктуу темаларга бөлүштүрүлүп, өз-өзүнө тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004