Сапар, сапар

“Сапар, сапар”‎»‎ барагынан багытталды)

“Сапар, сапар” (Voyage Voyage) ыры - айтылуу француз ырчы айымы Desireless (өз ысымы Claudie Fritsch-Mentrop, айтылышы - Клоди Фритч-Ментроп) аткарган обондуу ыр.

Desireless 1986-88-жылдары аткарган “Сапар, сапар” (Voyage Voyage) ыры дүйнө жүзүнө 5 миллиондон ашуун нуска менен таркаган.


1983-жылы ал композитор жана продюсер Жан-Мишел Риватты кезиктирет. Ал айтылуу Жо Дассен, Мишел Делпеш, Франг Галл, Патрик Жүве менен иштешип, атактуу болуп калган.

1986-жылы Риват француз тилинде “Сапар, сапар” («Voyage Voyage») деген ырын жазат.

Ырды Клоди айым Desireless (“Эч нерсени көксөбөгөн”) деген адабий ысымы менен аткарып чыкты. Маалыматтарга караганда, ал мындай ысымды Индияга жасаган сапарынан жана ички бейпилдикке чакырган философиялык ой-туюмду тутканынан улам кабыл алган дешет.

Ырчы айымдын чачынын бир шумдуктай кылып таралышы, комсоо ырайы, жаңы ысымы, албетте, ошол кездеги музыка ышкыбоздорун арбап алгансыды.

Француз тилиндеги ырдын англис тилдүү дүйнөдө мынчалык көп нускада чыкканы да ырчы айым дал бутага тийгенин айгинелейт.

Ырдын кыргызча котормосу түзөтүү

Сапар, сапар
Эски вулкандар үстү менен
Учкан килем алдында канаттары калкылдайт,
Сапар, сапар,
Өмүр бою бүтпөгөн.
Булуттардан көлмө-саздарга
Испан шамалынан Эквадор жамгырына,
Сапар, сапар,
Бийиктикте калкыймын.

Борбор шаарлар үстү менен
Тагдырга жазганды ойлоп,
Океан тиктеп.

(Кайырма):
Сапар, сапар!

Түн менен күндөн да узун
Сапар
Махабаттын керемет мейкининде
Сапар, сапар,
Индиянын ыйык дайралары менен
Сапар,
Эми, эч качан кайра кайтмай жок.

Ганга же Амазондун үстү менен
Кара, сары, Сикх элдеринде
Сапар, сапар,
Аалам падышаларын кезип,
Сахара кум дөбөлөрүн карап,
Фиджи, Фудзияма аралдарында
Сапар, сапар,
Сен бүтпө да, токтобо!

Найза таштар үстүндө
Жараланган жүрөктөр
Океан тиктеп.

(Кайырма)
Борбор шаарлар үстүндө
Тагдырга жазганды ойлоп
Океан тиктеп.

(Кайырма).

Жеңиш Эдигеев 2011-жылы сентябрда которгон.

Сингл – жалкы ырлары түзөтүү

Айтылуу François альбомунан:

  • 1986/87: «Voyage Voyage» (өз мекени Францияда № 2, Германияда, Австрияда, Бельгияда, Данияда, Испанияда, Грекияда, Израилде, Испанияда - № 1, Улуу Британияда – 1987-жылы № 53, 1988-жылы - № 5, ж.б.)

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү