23-июльГригорий календары боюнча жылдын 204-күнү (толук жылда 205). Жылдын аягына чейин 161 күн бар.


июль
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
2024-ж.

Майрамдар түзөтүү

Окуялар түзөтүү

  Кыргызстанда түзөтүү

  • 1937- Фрунзе-Москва-Фрунзе темир жол түйүнүн тейлеш үчүн бир жумшак вагон бөлүнгөн
  • 1954- Советтер Союзунда, анын ичинде Фрунзе шаарында ишке ашырылып келген балдар менен кыздарды бөлүп окутуу ыкмасы токтотулган
  • 2009- Президенттик шайлоо өтүп, Курманбек Бакиев экинчи ирет президент болуп шайланган

  Дүйнөдө түзөтүү

  • 1821 – Пелопоннеса көтөрүлүшү учурунда Монемвасия шаарын басып алган гректер 3000 түрктү өлтүрүштү.
  • 1829 - Уильям Остин Берт көчүрүп жазуу машинкасынын алгачкы үлгүсү типографты чыгарды.
  • 1919 - Эрзурум Конгресси башталды. Мустафа Кемал Эрзурум Конгрессинин төрагасы болуп шайланды.
  • 1929 - Италияда фашисттик өкмөт чет элдик сөздөрдүн колдонулушуна тыюу салды.
  • 1939 - Хатай түрк өкмөтүнө өткөрүлдү.
  • 1952 - Египетте Жемал Абдүл Насыр лидерлигиндеги «Эркин офицерлер кыймылы» король Фарукту кулатып монархияны акырына чыгарды.
  • 1963 - Франция атомдук сыноолорун чектөө үчүн Москвада өткөрүлгөн «Сыноолорго тыюу салуу Келишимине» кошулууну четке какты.
  • 1983 - Шри Ланкадагы көпчүлүк болгон буддист 3000ге жакын тамилди кырып өлтүрдү. 400 000ге жакын тамил коңшу өлкөлөргө качышты. Окуя Шри Ланка тарыхына «Кара июль» деп өттү.

Төрөлгөндөр түзөтүү

  • 1899- Немис саясатчысы Густав Хайнеман төрөлгөн.
  • 1984- Кыргыз балетинин прима-балеринасы Асел Айдарова төрөлгөн.
  • 1989 - Ырчы Гүлжигит Калыков төрөлгөн.

Каза болгондор түзөтүү