«5 канал» («Бешинчи канал»)  — 2006-жылы 16-декабрда түптөлгөн. "ЖАК" «Бешинчи канал» өзүнө «Бешинчи канал» жана «Love radio 89.0 FM» Кыргызстан" камтыйт

5 Канал
ЖАК «Бешинчи канал»
Жалпы маалымат
Өлкө

 Кыргызстан

Берүү чөлкөмү

 Кыргызстан

Берүү убактысы

6:00 - 2:00

Берүү тилдери

Кыргызча, Орусча

Алгачкы берүү күнү

10-октябрь 1996

Жетекчиси

Рахат Сулайманов — Башкы мүдүр

Мурдагы аталыштары

КООРТ (1996-2006)

Дареги

 Бишкек (info@5news.kg Ибраимова көч 24, 16-кабат)

5tv.kg

Тарыхы түзөтүү

1996-жылы 10-октябрда жаңы ачылганда КООРТ аталышы менен ачылган , кийин Аскар Акаевдин баласы Айдар Акаевге тийиш болуп калган. 2005-жылы 24-мартта болгон төңкөрүштөн кийин өз ишин токтоткон. Бир нече убаккыттан кийин анын ордуна ошол эле аналогдук аба толкунунда жаңы "5 канал" деген аталыш менен өз телеберүүсүн бере баштаган.

Бешинчи канал биринчи жолу эфирге 2007-жылы 12-февралда чыккан. Толук сетканы өзүнүн берүүсү менен камсыз кылган КТРКдан тышкаркы жалгыз телеканал болгон.

Жаңылыктары ар саат сайын түз эфирде көрсөтүлгөн Кыргызстандагы биринчи телеканалдын сап башында. Андан соң мындай тажрыйбаны башка каналдар да колдонуп баштаган. Анын ичинде мамлекеттик телеканалдар да бар.Жаңылыктардан тышкары, Бешинчи каналда таңкы көңүл-ачуучу программа түз эфирде көргөзүгөн.

Бешинчи канал өз ишмердүүлүгүн 2017-жылдын 28-декабрнда, саат 20:00дө жанылыктардын акыркы чыгарылышы менен өз ишмердүүлүгүн токтоткон.

2018-жылы канал кайрадан өз ишмердүүлүгүн улантып, азыркыга чейин көрүүчүлөргө кызыктуу жана ар тараптуу маалыматтарды сунуштап келет.

Берүүлөрү түзөтүү

Өз берүүлөрүндө чет элдик резидентеринин көз карашын чагылдырат . Интерньюс Открытая Азия

  • “Путешествие к центру Евразии”,
  • “Другая жизнь с Натальей Кролевич”,
  • “Салт-Санат”,
  • “Майдан”,
  • “Жайлоо”,
  • “Ранчо”,
  • “Кухня”,
  • “Эпоха перемен”,
  • "Мазарлар",
  • "Насип",
  • "Сырдаш",
  • “Дата”,
  • “Пятое измерение”,
  • “Мигранты”,
  • “Точка на карте”,
  • “Два туриста на мели”,
  • “Мнение”,
  • “Два мира ТЭЦ”,
  • “Дорожный строитель”,
  • “Городская среда”,
  • “Кыштакча”,
  • “Люди”,
  • "Үлгү",
  • "Кабарчынын күндөлүгү",
  • "Партия", "
  • Гезиттер кербени",
  • "Төртүнчү бийлик",
  • "Дүрбү",
  • “Закымга айланган замандар”,
  • “Квартира”,
  • “Вечер на Пятом”

Ошондой эле 2017-жылдын башынан тарта жыл аягына чейин каналдын кызматкерлери өз демилгеси жана күчү менен түрк сериалдарды кыргызчага которуп, көрүүчүлөргө тартуулашкан.

Азыркы тапта каналда:

"Таңкы беш",

"Учурда",

"Бешинчиде бешөө",

"Руслан Машрапов менен статус",

"Шаардыктар",

"Беш собол",

"Атайын репортаж",

"Асылзат",

"Жайыл дасторкон",

"Капыл-тапыл, айтыш батл",

"Ак чөлмөк",

"Спорт микс",

"Апта",

"Манасчы менен маек",

"КЭПХ" долбоорлору даярдалып эфирге чыгат.

Шилтемелер түзөтүү