Bahh tee нукура ысымы Бахтияр Алиев (азе. Bəxtiyar Əliyev) — Орусиялык ырчы, ырларынын автордук аткаруучусу. Теги Азербайжандык. Bahh Tee – автордун өзү ойлоп тапкан псевдоними. Ал башка ырчылардан айырмаланып алгач сахнада же үналгы-сыналгыда эмес, интернет айдыңында популярдуулукка жеткен ырчы катары белгилүү.

Bahh tee
Бахти
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Бахтияр Алиев
(азе. Bəxtiyar Əliyev)

Туулган датасы

5 -октябрь 1988(1988-10-05) (35 жаш)

Туулган жери

Москва, РСФСР, СССР

Өлкө

 Орусия

Кесиптери

ырчы

Жанрлары

Хип-хоп, R’n’B, соул, шансон [1]

Активдүү жылдары

2005 — азыркы учурда

Жамааты

«Tee’шина» (2005—2006)

bahh-tee.ru

Өмүр баяны түзөтүү

Интернет айдыңында популярдуулукка жеткен Bahh Tee башка өнөр адамдарындай эле атактуулук үчүн көп аракет жумшаган. Музыкага шыктуу Бахтияр биринчи ырын 9 жашында эле жазган. Анын балалыгы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жер которуу, шаардан шаарга көчүү менен өткөн. 2000-жылы гана үй-бүлөсү биротоло Москва шаарына отурукташып, Бахтиярдын талантынын бир жерден жай алышына шарт түзүлөт. Кичинесинен активдүү, өтө жакшы окуган Бахтияр 2004-жылы орто мектептен «экстерн» багытында билим алып, 15 жашында мектепти бүтүрөт. Өзүнөн 2 жаш улуу эжеси менен мектепти чогуу аяктап, калган 2 жылын дароо ЖОЖго тапшырбастан, жеке иштери үчүн жумшайт. Орусиянын атактуу «Фабрика звёзд» теледолбоору азыркы шоу чөйрөдөгү өнөр адамдарынын көпчүлүгүн ырчылыкка шыктандырганы талашсыз. Бул толкунда Bahh Tee дагы бар. Ал: «Тимати теледолбоордун 4-сезонунда жүргөндө азыркы деңгээлиндегидей эмес, «чийки азык» (полуфабрикат) болчу. Ошол себептен мен толугу менен анын стилин көчүрүп алган жокмун»,- дейт маектеринде.

2005-жылдан тарта Bahh Tee автордук ырларын жарата баштайт. Досу Евгений менен «ТЕЕшина» тобун түзүп, «Одинокая»(«Жалгыз»), «Без вины виноватые» («Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), «Это только начало» («Бул башталышы гана») сыяктуу эмгектерин жаратат. Ырларын коомчулукка тартуулап, бир топ күйөрмандарды топтоп, чакан сынактарга катышып, шоулорго чакырыла баштайт. Чыгармачылыгы менен катар билимин да өксүтпөө максатында Орусиянын ИИМинин алдындагы Москва университетинин эксперт-криминалисттерди даярдоо факультетине тапшырат. 5 жыл убактысын билим алуу, аскердик кызмат өтөө, тынымсыз машыгуулар, курал атып машыгууга жумшап, окуу жайды 2 кызыл диплом менен аяктаган. Соттук эксперт адистигине жана орто юридикалык билимге ээ болгон ырчы окуусу менен катар чыгармачылыгын да таштабай, өнүктүрүп келет. Полицияга жаңы гана лейтенант болуп киргенде Bahh Tee кызматтан кетүү тууралуу арызын берип, аны таштап койгон. Бул кадамын ал чыгармачылыгы менен кызматын айкалыштыруу оор болуп кеткендиги менен түшүндүргөн.Учурда Бахтияр Алиев юридикалык билимин улантуу үчүн Орусиядагы Эл достугу университетинде (РУДН) сырттан окуп жаткан учуру.

Чыгармачылыгы түзөтүү

"Молитва" («Сыйынуу») ырындагы бул саптар ырчыны адам катары сүрөттөп, чыгармачылыгына өзгөчө мамиле жасаарын түшүндүрүп турат. 2011-жылдан тарта ырчы эч кимдин жардамысыз Москва шаарына концерттик турларды уюштура баштаган. Башында залга 150 эле киши келсе, барган сайын көбөйүп, 700 кишиге чейин жетет. Ошол жылдын февралында «Ты меня не стоишь» («Сен мага татыктуу эмессиң») ырына клип тарттырып, телеканалдардын бирине алып барса, «биздин формат эмес» деп албай коюшкан. Ачууланган ырчы клиптин бет ачарын жасабастан интернетке жүктөп коёт. Ошондо күйөрмандары клипти айына 13 миллион жолу көрүшкөн. Кийинки «Любви достойна только мама» аттуу ырын дагы музыкалык каналдар мурдун чүйрүп албай коюшкан. Ага тартылган клиби дагы татыктуу баасын алып, интернеттеги көрүүчүлөрү 1 суткада 300 миңге чейин жеткен. 2012-жылдын башынан тартып музыкалык телеканалдардын ырчыга болгон кызыгуусу күчөйт. Балга тартылган аарыдай телеканалдар жана радиостанциялар ырчынын талантына тартылып, түрдүү шоу-программаларына чакыра башташкан. Ошентсе да Bahh Tee өзүн күйөрмандарын интернет аркылуу тапкан ырчы катары эсептеп келет.

Дискографиясы түзөтүү

Өзү тууралуу түзөтүү

– Идеалдуу адамдар болбойт, идеал эмес адамдардын идеалдуу мамилеси болот. Оюмдагыдай адамды кезиктирбей жүргөнүмө өзүмдү күнөөлөп жүрчүмүн. Андан кийин мен АНЫ жолуктурдум. Көрсө, маселе менде эмес экен. Жөн гана ал экөөбүз кезикпей жүрүптүрбүз.

– Үйлөнгөн эмесмин, ошондой эле уулум да жок. Ырларымда жазылган сүйүү таржымалдын баарын жеке менин тагдырымдан алынган деп ойлобогула. Ал силердин да жашооңор. Мен ар түрдүү адамдардын баяндарын угуп, курчап турган чөйрөдө болуп жаткан окуяларды гана ырдайм.

– Мен эч качан рэп окуган эмесмин. Поп музыка – бул мен. Укмуш деле ырдап жыргатпайм. Хип-хоп, R’n’B, соул, шансон. Белгилүү бир стилим жок, менин ырларым ушул стилдердин аралашмасы.

– Бир да ири портал мен жөнүндө жаңылык же пиар жасаган эмес. Ырларым колдон колго өттү, блютуз аркылуу тарады, дисктерге көчүрүлүп, бир дубал аркылуу экинчи дубалга угулду. ..

– Азербайжанда мени бой көтөргөн, көпкөн, Москвага барып алып азербайжан улутундагыларды сүйө бербеген адам катары билишет экен. Мен андай болсом, ай сайын жок дегенде фотосессияны шылтоолоп болсо да ал жакка бара бербейт болчумун. Колдон келсе, кадырлуу карылыгымды өз мекенимде өткөргүм келет...

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү