Baidu, Inc. (кыт. 百度; пинйин: Bǎidù; Байду) -- 2000-жылдын 18-январында компанияга айланган Кытайдын интернет кызматтар компаниясы. Башкы штабы Бээжиндеги Хайдиан аймагынын Байду кампусунда жайгашкан.

Файл:Baidu Campus.jpg

Baidu көптөгөн кызматтарды, анын ичинде веб сайттарды, аудио файлдарды жана сүрөттөрдү издөөнү сунуш кылган Кытайдын издөө кыймылдаткычы. Baidu 57 издөө, коомчулук кызматтарын, анын ичинде Baidu Baike (биргелешип курулган онлайн энциклопедия) жана издегенге боло турган, ачкыч сөзгө негизделген талкуу форумдарын сунуш кылат. Baidu 2000-жылы Робин Ли жана Эрик Ху тарабынан түзүлгөн. Түптөөчүлөрдүн экөөсү тең Кытайга кайтып барганга чейин чет жакта окуп, эмгектенген кытайлыктар болуп саналат. 2016-жылы декабрда Baidu Alexa интернет рейтингинде 4-орунду ээлеген.

Baidu Baike онлайн энциклопедия катары Уикипедияга окшош; бирок Уикипедиядан айырмаланып, Кытай мыйзамдарынан улам бир гана катталган колдонуучулар макалаларды оңдой алышат. Кытайда 2004-жылдын июнунан тартып Уикипедияга болгон жеткилик маал-маалы менен бөгөттөлүп же белгилүү бир макалаларга чыпкалар коюлса да, Baidu'нун Кытай өкмөтүнүн тосмолоосуна карата кызматташып турган даражасы жөнүндө кээ бир карама-каршылыктар бар.

Ошондой эле компания Baidu Music деп аталган музыка кызматын камтыйт, анда айлык 150 млндон ашуун активдүү колдонуучу бар. 2015-жылдын 4-декабрында Baidu Apple Inc.'тин Apple Music кызматы менен атаандашуу үчүн Taihe Entertainment Group менен биригүү пландары бар экенин жар салган.

Анын "Baidu Create" аттуу биринчи жолку жасалма акыл-эс (AI) иштеп чыгуу жыйыны 2017-жылы 5-июнда Бээжиндеги Кытай улуттук конвенция борборунда (CNCC) болуп өткөн. Ага Baidu'нун жетекчилери, инженерлер, ошондой эле AI өнөр жайындагы иштеп чыгуучулар менен эксперттер чакырылган.

2017-жылы Baidu'нун базар капиталы биржада өсүү менен 79.24 млрд АКШ долларына чыккан.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү