Apple Inc (расмий аталышы «Эппл» которулушу «алма») Ишкананын “Аpple” деген аталышы англис тилинен которгондо кадимки эле биз жеп жүргөн "алма" дегенди билдирет. 2007-жылга чейин 30 жыл бою компания “Apple Computer” деп аталып келген. Андан кийин ишкана компьютерден башка да техника каражаттарын чыгара баштагандыктан, “сomputer” деген сөз алынып салынган. Компаниянын мындай аталып калышын алар "чыгарган товарларыбыз экологиялык жактан таза экендигинде" деп түшүндүрүшөт. Компьютер чыгаруу тармагында бул ишкана эски тетиктерди кайра иштеткен биринчи компания.

Apple Inc.
Түрү

Коомдук компания

Листинг биржада

Калып:NASDAQ

Негизделген жылы

1976

Негиздөөчүлөрү

Стив Джобс, Стив Возняк, Рональд Уэйн[1]

Жайгашкан жери

 АКШ Купертино

Маанилүү фигуралар

Тим Кук (CEO)[2]

Өндүрүшү

Электроника, маалымат технологиялар

Продуктулары

Персоналдык жана планшеттик компьютерлер, уюлдук телефондор, аудиоплеерлер, программдык жабдуулар

Киреше айлануусу

$65,23 млрд (2010 налогдук жыл)

Таза киреше

$25,922 млрд (2011 жыл)

Жумушчуларынын саны

63 миң. (2012 жыл) [3]

Урааны

Think Different
(кырг. Башкача ойлон)

Сайт

apple.com/ru

Тарыхы түзөтүү

Аракетчил 15 жаштагы Стив Жобс Стив Возняк менен биргеликте 1970-жылдардын ортосунда “MOS Technology 6502” үлгүсүндөгү өздөрүнүн алгачкы компьютерин иштеп чыгышкан. Тун товарынын жүзгө жакынын сатууга жетишип, чакан каражат топтой алышат. Ошентип, 1976-жылы алардын ишканасы каттоодон өтөт. Ошол эле жылы иштелип чыккан “Apple 1” компьютери жакшы сатыла баштайт.

 
Apple II

Ал эми эң өтүмдүү, миллион даанадан ашык сатылган компьютер “Apple 2” болгон. 1980-жылдын башында дүйнө жүзү боюнча “Apple 2” компьютери 5 миллион даана сатылган. 1981-жылы Возняк авиакырсыкка учурап, жумушту таштоого аргасыз болот. Жалгыз калган Жобс көптөгөн маселелерге туш болуп, ишкана кыйроо коркунучу астында калат. Анысы аз келгенсип “IBM” компаниясы атаандаш болуп чыга келет. Бирок Стив компаниянын иштеп кетиши үчүн болгон күчүн жумшап, сыноодон татыктуу өтө алган.

 
Macintosh 128K

1984-жылы “Macintosh” аттуу жаңы үлгүдөгү компьютер ойлоп табышат. Ойлоп табылган жаңы компьютер ишкананын негизги товарына айланып, 20 жыл бою компанияны багып келет. Макинтош – АКШда сатылган алманын бир сорту. Ал компьютерди иштеп чыккан Жеф Раскиндин жакшы көрүп жеген алмасы болгондуктан, компьютер ушундай аталып калган.

 
PowerBook 100

1990-жылдардын ортосунда ишкана башка тармактарда да өзүн сынай баштайт. Азыркы кезде жашообуздагы жаңы технологиялар болгон айфон, айпод, айпад, ноутбук жана башка көптөгөн техника каражаттарын чыгарат. Чыгарылган товарлар дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда сатылат.

 
iPhone

Кыргызстанга жогорку технологиядагы каражаттар көбүнчө Орусия аркылуу келет эмеспи. “Apple” орустарга 2005-жылы гана келген. Учурда күн санап бул өлкөдө ишкананын продукцияларынын сатылышы өсүп келет.

Бирок Стив 2011-жылдын келиши менен ден-соолугуна байланыштуу белгисиз мөөнөткө кызматынан кеткенин жарыя кылды. Белгилүү болгондой, ал 2004-жылы уйку безинин шишик оорусуна байланыштуу операцияны башынан өткөргөн. Ал эми 2 жыл мурун боорун алмаштырууга да аргасыз болгон. Учурда компанияны жетектөө милдетин анын орун басары Тим Кук убактылуу аткарууда.

Жаңы муундагы товарлар түзөтүү

“Apple” компаниясы тарыхында компьютердик техникалардын мүмкүн болгон түрлөрүн чыгарып келет. Алардын арасында уюлдук телефондор да бар. Биз дүйнөдө көп талап кылынып, жаңы технологиялар тармагында алдыга кадам жасай алган түрлөрүнө токтолууну чечтик.

Айпод (iPod) түзөтүү

Дүйнөдөгү баарынан кеңири таралган видео, музыка ойнотуучу түзүлүш. Биринчи айпод 2001-жылы 21-октябрда жарыкка чыккан. Азыркы кезде 6-муундагы айпод жарык көрүүдө. 6-муундагысынын файлдарды сактоочу дискинин көлөмү 80, 120, 160 гигабайтты түзөт. Баасы 300 доллардан 500 долларга чейин.

Айфон (iPhone) түзөтүү

Компания иштеп чыккан смартфон түрүндөгү уюлдук телефон. Биз колдонуп жүргөн уюлдук телефондон айырмаланып, көп функциялары бар. Интернетке туташуу ылдамдыгы жогору, фотоаппараты 5 мегапиксель. Флеш-картасынын көлөмү 16 же 32 гигабайт. Бирок флеш-картасы алынып салынбайт. Баасы 600 доллардан 1100 долларга чейин. Алгачкы Айфон 2007-жылы 29-июнда сатыкка чыккан. Ошол чыккан кезден тарта дүйнө жүзүндө 50 миллион даана сатылган. Азыркы кезде 4-муундагы айфон чыгып жатат. Apple өз гаджеты онлайн радио уга аласыз менен кошо келет.[4]

Айпад (iPad) түзөтүү

Ал эми айпад – “Apple” компаниясынын дагы бир технологияларынын акыркы үлгүсү. Жаңы муундагы планшеттик (клавиатурасы жок, сенсордук) компьютер. Узундугу 25, туурасы 19 сантиметр келген айпаддын алдыңкы бетин толугу менен монитор ээлейт. Сим-карта салып, уюлдук байланышта да колдоно аласыз. Жадакалса сыналгы катары да көрсө болот. Жеңил, ыңгайлуу айпаддан интернетке кирип саякаттап, уюлдук байланыш менен баарлашып, музыка угуп, сүрөткө, видеого тартса болот. Айпад Орусияда 2010-жылдын 10-ноябрынан бери сатылып келет. Баасы 500 доллардан 900 долларга чейин. Акырындап отуруп бизге да келе баштады. Айпадды “компьютер технологиялар тармагындагы революция” деп да атап жатышат. Айта кетсек, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев айпадга 2010-жылдын жаз айларында ээ болгон. Ошондон тартып аны колунан түшүрбөйт. “Microsoft” компаниясынын башчысы Билл Гейтс айпад жөнүндө: “Менин көз карашымда Айпадда эч кандай деле өзгөчөлүк жок. Бул нерсени “Microsoft” иштеп чыкса жакшы болмок”,- деп айткан. Бул, албетте, атаандаштын ою.

ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров окуучулар үчүн окуу куралдарынын ордуна айпад берүүнү сунуштоодо. Чынында, айпадга окуу программаларына керектүү бардык маалыматтардын электрондук вариантын жүктөп алса болот. Демек, аны китеп, дептер, атүгүл шпаргалка катары да пайдаланууга болот. Кыскасы, бир окуучунун билим алуусу үчүн толук шарт түзүп бере алат.

“Apple” тууралуу кызыктуу фактылар түзөтүү

  • Компаниянын жетекчиси Стив Жобстун расмий айлыгы жылына 1 доллар.
  • 1986-жылы Стив Жобс “Челленжер” кемеси менен космоско учуу-га арыз берген. Бирок анын арызы кабыл алынган эмес. Кызыгы, “Челленжер” абага көтөрүлгөндөн 73 секунддан кийин жарылып кеткен.
  • Компаниянын Рональд Уэйн аттуу үчүнчү негиздөөчүсү да бар. Бирок ал компания жаңыдан иштей баштаганда эле өз үлүшүн 800 долларга сатып жиберген.

Дагы караңыз түзөтүү

Тиркемелер түзөтүү

Кошкон: AS