Bootstrap (фреймворк)

HTML үчүн фреймворк

Bootstrap (Twitter Bootstrap катары да белгилүү) — вебсайт жана веб-колдонмо түзүүгө арналган эркин куралдар топтому. Типографика, веб-форма, баскыч, белги, навигация блогу жана веб-интерфейстин башка компоненттерин жана JavaScript-жайылууларды жасалгалоо үчүн HTML- жана CSS-калыптарды камтыйт.

Bootstrap CSS жана HTML жаатындагы заманбап иштеп чыгууларды пайдаланат. Ошондуктан, эски браузерлерди колдоодо этият болуу керек.

Тарыхы түзөтүү

Бул фреймворк Twitter компаниясынын ички китепканасы катары Twitter Blueprint деген аталыш менен иштелип чыга баштаган. Бир нече айга созулган жумуштардан кийин 2011-жылдын 19-августунда Bootstrap деп аталып ачылган.

2012-жылдын 31-январында чыккан экинчи версиянын жаңылыгы - 12 колонкалык тор жана адаптивдүүлүк колдоо болуп саналат.

Үчүнчү версия 2013-жылы 19-августта чыккан. Мында адаптивдүүлүк өнүктүрүлгөн, mobile first концепциясына өтүлгөн, барыдан мурда мобилдик түзмөктөргө ылайыкташылган. Дизайн адепкиче жалпак кылынган.

Төртүнчү версиянын жумуштары 2014-жылдын 29-октябрында башталган. Альфа-версиясы 2015-жылы 19-августта чыккан.

Артыкчылыктары жана кемчиликтери түзөтүү

Кемчилиги сүрөтчөлөрдүн стандарт топтомунун өң гаммасынын жардылыгын кошууга болот. Артыкчылыктары - веб-баракчаны масштабдоочу grid-торчонун жакшы ишке ашырылышы, адаптив дизайн түзүү.

Шилтемелер түзөтүү

Калып:Compu-stubКалып:Software-stub