ChatGPT
ChatGPT — OpenAI тарабынан иштелип чыккан жасалма интеллекти (ЖИ) бар чатботу. Ал OpenAI'нин GPT-3.5 жана GPT-4 чоң тил моделдеринин негизинде курулган жана көзөмөлдөгү окутуу менен күчөтмөлүү окутуу ыкмаларын колдонуу менен так жөндөлгөн.
ChatGPT прототип катары 2022-жылдын 30-ноябрында ишке киргизилип, билимдин көптөгөн тармактарында деталдуу жана так жооптору үчүн өзүнө көңүл бурду[1]. Иш жүзүндө туура эмес жоопторду ишенимдүү берүүгө ыкташы олуттуу кемчилик катары аныкталган[2]. 2023-жылы, ChatGPT чыккандан кийин, OpenAI'нин баасы 29 млрд АКШ долларына бааланган[3]. Чатботтун пайда болушу жасалма интеллект мейкиндигиндеги атаандаштыкты күчөтүп, Гуглдун Bard жана Метанын чоң тил моделдерин түзүүсүнө түрткү берди.
ChatGPT баштапкы релизи GPT-3.5 негизделген. GPT-4 негизиндеги нускасы, эң жаңы OpenAI модели, 2023-жылдын 14-мартында чыгарылган жана ал акы төлөп жазылгандарга чектелген негизде жеткиликтүү.
ChatGPT жана GPT-4 Жеффри Хинтон жана Йошуа Бенжио сыяктуу алдыңкы компьютер илимпоздорун, келечектеги ЖИ тутумдары адамдын интеллектинен ашып түшүшү, туура эмес максаттарды көздөшү жана экзистенциалдык тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн деген кооптонууларга алып келди.
AkylAi - жасалма интелектти
түзөтүүAkylAi- 2023-жылы ишке киргизилген ChatGPTнин кыргызча аналогу. Ал The Cramer Project[4] компаниясында иштеген Кыргызстандык програмисттер иштеп тарабынан иштелип чыккан.[5]
Маалымат [жооп катары] так эмес же ишенимсиз болушу мүмкүн. Модель учурда бирден ашык белгини эстей албайт жана жоопту түзүүдө мурунку маалыматты эске албайт. AkylAi саясий ишмерлерге жана окуяларга баа бербейт. Учурда 100 миллионго жакын сөз билет.[6]
AkylAi – өзү тууралуу мындай дейт:[7]
“AI жардамчысы катары менин максатым - маалымат берүү, тапшырмаларды аткарууга жардам берүү жана сиздин өзгөчө муктаждыктарыңызга негизделген жетекчиликти камсыз кылуу. Бирок, адамдарга түздөн-түз таасир эте турган жөндөмүм жок. Менин максатым калыс маалымат жана кеңештерди берүү менен колдонуучуларга жардам берүү жана колдоо көрсөтүү. Акыр-аягы, адамдарга таасири алардын өз чечимдерине жана көз караштарына жараша болот[8]”
Булактар
түзөтүү- ↑ SamanthaLock What is AI chatbot phenomenon ChatGPT and could it replace humans? (December 5, 2022).
- ↑ JamesVincent AI-generated answers temporarily banned on coding Q&A site Stack Overflow (December 5, 2022).
- ↑ Varanasi, Lakshmi. ChatGPT creator OpenAI is in talks to sell shares in a tender offer that would double the startup's valuation to $29 billion (January 5, 2023).
- ↑ https://thecramer.com/
- ↑ "В Кыргызстане запустили «Акылай» — аналог ChatGPT на кыргызском языке".https://kloop.kg/blog/2023/08/30/v-kyrgyzstane-zapustili-akylaj-analog-chatgpt-na-kyrgyzskom-yazyke/
- ↑ "В Кыргызстане запустили «Акылай» — аналог ChatGPT на кыргызском языке"https://media.kg/news/v-kyrgyzstane-zapustili-akylaj-analog-chatgpt-na-kyrgyzskom-yazyke/
- ↑ https://akylai.thecramer.com/?ref=economist.kg
- ↑ https://akylai.thecramer.com/?ref=economist.kg