Жасалма интеллекттехникалык изилдөө, ЭЭМдин жардамы менен адамдагы мүмкүнчүлүктү күчөтүү.

Учурда адамдын Жасалма интеллекттин өнүктүрүү көйгөйүнө ЭЭМ эксперт катары аныкталган областтагы башкаруунун тапшырмалары, автомашинанын багыты, порттун иштөөсү, теореманын далилдениши, образдын калыптануусун таанып-билүү, шахмат оюндары ж. б. саналат.

Жасалма интеллект информатиканын бир бөлүгү катары математиканын жетишкендиктерин, логиканы, психологияны, физиологияны, кибернетиканы, лингвистиканы, биониканы колдонот. Учурда адистердин көңүлүндө Жасалма интеллектке робототехниканын пайда болушу, системалоо программасынын курулушу, адамга тапшырманы аткарууда жана башкарууда жардам берүү кирет.

Булактар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,