Cinnamon
Cinnamon (англ. "корица" деген мааниге келген сөз) - GNOME Shell коддук базасынан тармакталган GNOME иш тактасы чөйрөсүнүн эркин чели. Иштелменин негизги багыты - колдонуучуларга ыңгайлуу болгон жеке компүтерлер жана ноутбуктардын -GNOME Shell жана Unity'нин кемчиликтери болбогон- GNOME 2 стилиндеги салттуу, көнүмүш чөйрөсүн сунуш кылуу болуп эсептелет. Башында Linux Mint'тин программачыларынын командасы тарабынан иштелген.
Учурда Cinnamon Linux'тун төмөнкү дистрибутивдеринде колдонулат: Mint, Fedora 18 жана андан жогору Netinstall/DVD, Snowlinux, Manjaro, Debian, Ubuntu, alt lunix, openSUSE жана Antergos (мурда Cinnarch).
Архитектура
түзөтүүCinnamon Muffer терезе кыймылдаткычын колдонот. Бул GNOME 3төгү Mutter терезе менежеринин форку.
Мүмкүнчүлүктөр
түзөтүүCinnamon көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат:
- Иш тактасынын эффекттери, анын ичинде анимация жана трансформация;
- Менү, баштооч, терезелер тизмеси жана тапшырмалар панели менен жабдылган жылдырма панель;
- Мүмкүн болгон бардык кеңейүүлөр;
- Панель апплеттери;
- GNOME Shell менен окшош иш-милдеттери;
- Төмөнкүлөрдү тууралоо мүмкүндүгү бар орнотуулар редактору:
- панелдер;
- күнбарак;
- темалар;
- иш такта эффекттери;
- апплеттер;
- кеңейүүлөр.