Карга сымалдар

Corvidae‎»‎ барагынан багытталды)

Карга сымалдар (лат. Corvidae) – куштардын таранчы сымалдар түркүмүнүн тукуму. Дене узундугу 65 смге чейин. Көпчүлүгү кызгылт көк кулпунган калың жүн менен капталган. Тумшугу жана буту күчтүү. Жер жүзүндө 26 уруусу, 104 түрү таралган. КМШ өлкөлөрүндө 16, Кыргызстанда 7 түрү бар. Карга сымалдарга кузгун, көк жана кара карга, сагызган, таан, чөкө таан, чар карга жана башка кирет. Алар токой, талаа, чөл жана тоо, эл жашаган жана башка жерлерде кездешет. Дарак, бадал, аскага бириндеп, кээде топтошуп уялайт. Жылына бир жолу 3–8 чаар жумуртка тууйт. Келгин жана отуруктуу куш. Карга сымалдар азыгын ылгабайт. Кээси кемирүүчүлөр, зыяндуу курт-кумурска сыяктуу нерселер менен азыктанышат. Айрымдары башка куштардын балапан, жумурткасын жеп зыян келтирет. 2 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Сагызган (Pica pica).

Колдонулган адабияттар түзөтүү