Firefox Focus — Mozilla тарабынан чыгарылган Android жана iOS операциялык тутумдарында ишеген смартфондо жана планшеттер үчүн, ачык булактуу, купуялыккты сактоого багытталган мобилдик браузер[1][2][3][4]. Firefox Focus алгач 2015-жылынын декабрда iOS мобилдик түзмөктөрү үчүн трекерди бөгөттөөчү колдонмо катары чыгарылган[5]. Андан көп өтпөй, ал минималисттик браузерге айланды[6].

Firefox Focus
Mobile browser, Ad-Blocker
Mobile browser, Ad-Blocker
Иштеп чыгуучу Mozilla Foundation
Стабилдүү чыгарылышы 95.2.0/ 16 декабрь 2021-жыл
Сыноодогу чыгарылышы /
Операциялык система iOS жана Android
Лицензиясы MPL 2.0
Сайты https://www.mozilla.org/en-US/firefox/browsers/mobile/focus/

2017-жылы июнда биринчи Android операциондук системасында иштеген түзмөктөр үчүн версиясы колдонууга берилген, колдонуучулар биринчи айда эле миллиондон ашык жолу бул браузерди өз смартфондоруна жана планшеттерине орнотушкан[7]. 2017-жылдын январына карата 27 тилде жеткиликтүү болгон[8]. 2018-жылдын июлунан бери Firefox Focus Locker тиркемисинин бир бөлүгү катары BlackBerry Key2ге алдын ала орнотулган[9][10].

Appleдин бөгөттөөчү чектөөлөрүн өтүү үчүн, Firefox Focus iOS түзмөктөрүндө UIWebView API колдонот[11]. Androidде Blink 6.x жана андан мурунку нускаларын жана 7.0 нускадан жогору GeckoViewди колдонгон[12].

Көзөмөлдөөдөн коргоо

түзөтүү

Firefox Focus онлайн трекерлерди жана ар түрдүү колдонуучуну көзөмөлдөчү тиркемелерден, операциялырдан сактайт.

2018-жылдын 20-декабрынан тартып Mozilla Firefox Focus бардык URL даректерди да текшере ала турган функцияларга ээ болгон[13].

Минималдык системалык талаптары

түзөтүү

Apple мобилдик түзмөктөрү

түзөтүү

iOS 9 жана андан кийинки версияларында иштеген 64 биттик түзмөктөрдө гана иштейт:

  • iPhone 5s жана андан жаңылары;
  • iPad Air жана андан жаңылары;
  • iPad mini 2 жана андан жаңылары;
  • iPod touch 6-мууну же андан жаңылары[14].

Android мобилдик түзмөктөрүндө

түзөтүү

Firefox Focusту колдонуу үчүн Android 5.0 же андан жогорку версиясы талап кылынат[15].

Firefox Klar

түзөтүү

"Firefox Klar' немис тилдүү өлкөлөр үчүн чыгарылган нускасы[16], аталышы Германиянын FOCUS жаңылыктар журналына окшош болгондугана байланыштуу - Klar деген аталышты колдонууга берилген[17]. Firefox Klarда телеметрия толугу менен өчүрүлгөн[18][19].

Галерея

түзөтүү

Булактар

түзөтүү
  1. Mozilla. Firefox Focus Browser(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  2. Ellis. Firefox Focus private browser arrives on Android.
  3. Fingas. Firefox Focus brings easy private browsing to your iPhone.
  4. Hern. Firefox Focus: new app offers very private browsing.
  5. Vilches. Firefox Focus for iOS makes private browsing quick and easy.
  6. Nguyen. Introducing Firefox Focus – A Free, Fast Private Browser for iPhone(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  7. Daniel Firefox Klar Eine Million Downloads (German) (July 21, 2017).
  8. Nick Firefox Focus Now Available in 27 Languages (англ.) (January 25, 2017).
  9. New Features in Firefox Focus for iOS, Android – now also on the BlackBerry Key2 (July 12, 2018).
  10. João Firefox Focus gets new Features on Android and iOS and comes to the latest Blackberry (July 12, 2018).
  11. Herbert Mozilla veröffentlicht Content-Blocker für iOS (German) (August 12, 2015).
  12. What's new in Firefox Focus for Android (version 7) | Firefox Focus Help (en-US).
  13. Frederic Firefox Focus adds support for enhanced tracking protection and Google's Safe Browsing service(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (December 20, 2018).
  14. support.mozilla.org - Firefox Focus requirements(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  15. Firefox Focus: The privacy browser(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  16. What is Firefox Focus? (English)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Mozilla Foundation.
  17. I can't find Firefox Focus in Germany, Austria or Switzerland | Firefox Klar Help (en-US)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  18. Mozilla Klar (#235) · Issues · F-Droid / Requests For Packaging (англ.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  19. Antifeature:Tracking - F-Droid (en-GB)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).