Google — ири издөө системасы, Google Inc компаниясына таандык. Популярдуулугу боюнча биринчи орунда (79,65 %[5]), айына 41 млрд 345 млн сурамды иштеп чыгат (базардагы үлүшү 62,4 %) жана 25 миллиард веб-барачаны индекстейт. Маалыматтарды дүйнөнүн 191 тилинде табууга жөндөмдүү (2009-жылдын 15 октябрь айынан бери ).

Логотиби.

Ал Бүткүл дүйнөлүк желе (World Wide Web) боюнча эң көп колдонулган эсептөө системасы, PDF, RTF, PostScript, Microsoft Word, Microsoft Excel, Microsoft PowerPoint жана башка документ калыптарынан издөөнү колдойт. Google да издөөдө башка издөө системаларынан өзгөчөлөнүп, негизинен веб-барактардагы текстти илип алууга басым жасалат.

Жаралуу тарыхы түзөтүү

Google издөө системасы алгач Стэнфорд университетинде Ларри Пейдж жана Сергей Брин тарабынан окуу долбоору катары түзүлгөн болчу. Алар 1996-жылы BackRub издөө системасынын үстүндө иштешет, ошондон көп өтпөй 1998-жылы анын негизинде жаңы Google издөө системасын түзүшкөн.

Корпорация 1998-жылы 2-сентябрда негизделген болсо да, Google.com домени 1997-жылы 15-сентябрда эле каттоодон өткөн.

Кызматтарынын тизмеси түзөтүү

  • Gmail
  • Google Adwords
  • Google Котормочу
  • Google Docs
  • YouTube
  • Google диск
  • Google жардамчы (ассистент)
  • Google Allo
  • Google duo(Дуо)
  • Google карталар(maps)
  • Google Chrome
  • Google play store
  • Google сүрөт(photos
  • Google эсептегич
  • Google календарь
  • Google контакты
  • Google сообшение
  • Google fit
  • Google синтезатор речи
  • Google саат

калганын плей стордон көрсө болот