Google Play (мурунку Android Market) — Google тарабынан башкарылган жана иштелип чыккан санарип бөлүштүрүү кызматы. Ал Android операциондук системалары үчүн расмий колдонмо базары катары кызмат кылат. Ал Android программа иштеп чыгаруу шайманы (SDK) менен иштелип чыккан жана Google аркылуу жарыкка чыгырлган колдонмолорду издөө жана жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Google Play музыка, журналдарды, китептерди, тасмаларды жана телекөрсөтүүлөрдү сунуш кылган санарип медиа дүкөн катары да кызмат кылат. Ал 2015-жылы 11-мартта Google Store аттуу өзүнчө онлайн жабдык сатуу ишке киргенге чейин мурда Google жабдык түзмөктөрүн сатуу боюнча иштеп турган.

Google play
Google Play логотипі
Түзүүчү

Google

Операциялык система

Android

Биринчи чыгарылышы

6 март 2012 жыл
(Google Play)
22 октябрь 2008 жыл
(Android Market)

Акыркы үлгүсү

31.1.14

Абалы

Активдүү

Сайты

play.google.com

Google Play'деги колдонмолор акысыз же белгилүү бир баада жеткиликтүү. Аларды Play Store мобилдик колдонмосу аркылуу Android түзмөккө түздөн-түз эле түшүрүп алганга болот же болбосо Google Play вебсайтынан колдонмону түзмөккө жөнөтсө болот. Жабдык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана турган колдонмолор түзмөктөрдүн белгилүү бир компоненттерин талап кылышы ыктымал. Мисалы, кыймыл сезгичтиги (кыймылдан көз каранды оюндар үчүн) же болбосо алдыңкы камеранын (онлайн видео байланыш үчүн) болушу сыяктуу. Google Play дүкөнүндө 2016-жылы 82 млрд колдонмо жүктөлгөн, ал эми 2017-жылы 2,7 миллиондон ашуун колдонмо жарык көргөн. Ал коопсуздук маселелерине байланыштуу бир нече жолу талкуу темасына айланган. Анда зыянкеч программа ырасталып, дүкөнгө чыгарылган соң колдонуучулар аны жүктөп алышып, ар кандай даражадагы катаалдыктарга туш болушкан.

Google Play Google'дын санарип бөлүштүрүү стратегиясындагы жылыш катары Android Market, Google Music жана Google eBook дүкөндөрүн бир брэнддин алдына бириктирип, 2012-жылдын 6-мартында ишке кирген. Google Play көрнөгүнүн алдында иштеген кызматтарга төмөнкүлөр кирет: Google Play Books, Google Play Games, Google Play Movies & TV, Google Play Music жана Google Play Newsstand. Аларды ребрэндиң кылгандан кийин Google акырындык менен ар бир кызмат үчүн географиялык колдоосун кеңейте баштаган.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  Тышкы видеофайлдар
  Google Play Китеп
  Google Play Фильм
  Google Play Музыка

Калып:Compu-stubКалып:Mobile-stubКалып:Internet-stubКалып:Website-stubКалып:Software-stubКалып:Tech-stub