Тармактан маалыматтарды издөөчү аспап каражаттары иштелип чыкканга чейин Gopher Интернетке берилиштерди жайгаштыруунун негизги методу болгон. Ал файлдарды Интернетте жайгаштыруучу жана файлдарды издөөнү меню менен башкаруучу програм.

FTP програмында орундарды жана файл ысымдарын билүү талап кылынбайт. Gopher де меню камтылат жана демейде нерселердин тизмеси менен башталат. Тизмеден тиешелүү пунктту тандоо бир же көп сандагы менюларга алып келет, алар буйруктардын спецификасына жараша чөйрөлөргө бөлүнүшөт. Акырында жүктөөгө мүмкүн болгон керектүү файлдарды басып чыгаруучу менюга алып келет. FTP дан Gopher дин айырмасы файлдарын жүктөө алдында көрүп алса болот. Меню системине кошумча Gopher серверлеринин көбү Veronica же Jughead аттуу издегич програмдарды сунуш кылышат, алар спецификалык темадагы Gopher файлдар каталогун издешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү