«Happy New Year» (кырг. Жаңы жылыңыз менен) — Швейцариялык ABBA тобунун 1980-жылы жарык көргөн, Super Trouper альбомундагы ыры. Баштапкы аталышы “Атаке, Жаңы жыл күнү ичпечи” (англ. «Daddy Don’t Get Drunk on Christmas Day»[1]) болгон.

Happy New Year
Аткаруучу

ABBA

Альбом

Super Trouper

Жанры

европоп, поп

Узактыгы

4:23

Лейбл

Epic

Продюсери

Бьорн Ульвеус
Бенни Андерссон

Альбомдун трек-барагы «Super Trouper»

Композиция популярдуулугун жоготкон эмес, ыр жаңы жылдык майрамдан кийин жазылган. «Happy New Year» - деген англис тилиндеги ырды, майрам алдында, андан кийин деле сыналгыдан, үналгыдан жана уюлдук телефондордон угууга болот .Чыгарманын кайрыктарында майрамдык маанай эмес, тескерисинче, жашоо тууралуу ой тартуулайт : [2][3]

Эгер кыялдарыбыз ишке ашпаса
экөөбүз бул өмүрдө соолуган гүл сымал өтүп кетебиз
Сен жана мен

Тарыхы түзөтүү

Ырдын жазылуу тарыхы: 1980-жылы швециялык музыкант Бенни Андерссон менен Бьорн Ульвеус Барбодосто эс алып жүргөндө британиялык “Монти Пайтон” тамаша жаратуучу топтун мүчөсү Жон Клизди жолуктуруп, “Атаке, Жаңы жыл күнү ичпечи” деген текстти сунуштап, ушул тексттин негизинде мюзиклди элге алып чыгуусун суранышат. Жон Клиз бул идеяга канааттанбай, иштешүүдөн баш тартып коёт. Ошентип швециялык музыканттар күткөн мюзикл жарыкка чыкпай калат. Ал ортодо көп убакыттан бери репертуарын жаңылоонун үстүндө иштеп жаткан “ABBA” тобу “Атаке, Жаңы жыл күнү ичпечи” деген текстти кайрадан жазып чыгып, аталышын “Жаңы жылыңыз менен” деп өзгөртөт. Ырдын сөзүнө көңүл бөлсөк “Эгер кыялдарыбыз ишке ашпаса, экөөбүз бул өмүрдө соолуган гүл сымал өтүп кетебиз. Сен жана мен” деген сөздөр айтылган. Демек, чыгарма майрамдык маанай эмес, тескерисинче, жашоо тууралуу ой тартуулайт.

“Жаңы жылыңыз менен” аттуу ыр 1980-жылы “ABBA” тобунун “Super Trouper” альбомунда жазылган биринчи трек болгон[4].. Чыгарма 1999-жылы экинчи ирет жарыяланып хит параддардан алдыңкы орундарды багындырган[5][6]. Мындан тышкары чыгармага бир нече каверлер да жазылган.

Эскертмелер түзөтүү

  1. 1980-жыл топтун тарыхында  (англ.)Калып:V
  2. Gracenote:ABBA:Happy New Year - LyricWiki - Music lyrics from songs and albums (англ.). — ырдын тексти. Текшерилген күнү 24 -январь (үчтүн айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 5 Апрель 2012.
  3. https://www.stihi.ru/ 2017/12/15/3960
  4. ABBA - Happy New Year (англ.). — АКШнын синглдер жөнүндөгү маалыматты. Текшерилген күнү 24 -январь (үчтүн айы) 2018.
  5. ABBA - Happy New Year (англ.). — Нидерланддар релизи жөнүндөгү маалыматтар. Текшерилген күнү 24 -январь (үчтүн айы) 2018.
  6. Sweden (англ.). — chart positions. Текшерилген күнү 24 -январь (үчтүн айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 24 -январь (үчтүн айы) 2018.

Шилтемелер түзөтүү

Калып:ABBA