IPod

Apple тарабынан иштелип чыккан көчмө санарип медиа ойноткуч

iPod (Айпод) – Apple компаниясы тарабынан иштелип чыгарылган маалымат алып жүрүүчү медиаплеер. Аларды аудиоплеерлердин 4-мууну деп аташат. Дебюту 2001-жылы өтүп, чү дегенде эле 100 миллиондон ашуун айпод сатылган.

Сызгыч iPod 2012 жылдагы; солдон оңго: iPod shuffle, iPod nano, iPod classic, iPod touch.

Артыкчылыгы түзөтүү

Убакыттын өтүшү менен айподдун улам жаңы көп функ­циялуу заманбап үлгү­лөрү чыгып келет. Эс-тутумунун кө­лө­­мү (флешка жана кадимкидей “жёсткий” диск бар) 10 гигабайттан 160 гигабайтка чейин болуп, бул музыка угуп гана тим болбостон, маалымат сактоочу жана алып жүрүүчү каражат катары да кеңири колдонулат. Айпод компьютерге уланат жана салмагы жеңил (200 граммга чейин), дайыма жанында алып жүрүп колдонууга ыңгайлуу.

Окуу каражат катары түзөтүү

Айподду билим алууда окуу каражаты катары пайдалануу маселеси көтөрүлүп жатканы бекеринен эмес. АКШнын ай­рым штаттарында айпод окуу куралы катары колдонулат. Тактап айтканда, электрондук китеп катары. Бирок экзамен учурунда окуучулар технологиянын бул түрүн шпаргалка катары да пайдалана баштагандыгы үчүн тыюу салынган.

Дагы караңыз түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү