Kloop.kg (Kloop, Клооп) — 2007-жылы Бектур Искендер менен Ринат Тухватшин негиздеген орус тилдүү маалыматтык сайт. Интернет басылма «Клооп Медиа» коомдук фонддун менчиги. Сайттын көпчүлүк авторлору — «Клооп Медиа» коомдук фондунун журналистика мектебинин окуучулары жана бүтүрүүчүлөрү.

Kloop

Сайттын логотиби
URL: https://kloop.kg/
Коммерциялыкпы? Жок
Сайттын түрү Блог
Социалдык тармак
Катталуу Кереги жок
Жеткиликтүү тилдер орус тили,
Кыргыз тили,
өзбек тили,
Ээси Kloop Media Foundation
Түзгөн Бектур Искендер, Ринат Тухватшин
Редактору Элдияр Арыкбаев
Ачылган күнү 2006 жыл, Теке айы
Азыркы абалы Иштейт

Өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Kloop.kg’нин маалымат бөлүгү, айрыкча Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды чагылдырат. Сайт кыргыз жана өзбек тилдеги версиялары бар. Баардык макалаларды «Клооп Медиа» фондунун атайын уюштурулган журналистикалык курстардан өткөн балдар жазышат. Алардын жаштары 15тен 25ке чейин[1].

2009 жылдын июнь айынан тарта Kloop.kg’де видео чыгарыла баштаган. Биринчи подкаст сайтта ошол эле жылдын июлдун башында чыккан[2].

Алгач сайттын блог платформасы бар болчу. Сайттын ичинде 1500ден ашык ачылган блогдор болуп, Kloop.kg’ни Кыргызстанда эки ири блогплатформасынын бирине киргизишкен.

Жергилик интернет колдоонучуларга өзгөчөлүктөр түзөтүү

Кыргызстанда ички жана тышкы интернет трафиктин баасынын ортосунда чоң айырма болгондуктан, көп колдонучулар, айрыкча орус тилдеги[3] Livejournal.com блог сервисинен, Kloop.kg’ге өтүп жатышат. Анткени Kloop.kg’нин сервери Кыргызстанда турат. Кыргызстан боюнча болгон трафик тышкыдан өтө эле арзаныраак жана ошол мүчүлүштүк көп блогчуларды Кыргызстандын блогплатформаларына өткөнгө түртүк берип жатат[4].

Андан тышкары, Kloop.kg’нин өзгөчөлүктөрү дагы бир нерседе: өз блогуңдагы коомго маанилүү жаңылыктарды атайын тэг коюп туруп, Kloop.kg’нин башкы баракчасына чыгарса болот. Көп деле сайттар өз баш баракчасына мындай нерселерге шарт бере бербейт[5].

Жаңылыктардын өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Kloop өзүнүн интернет баракчасында сапаттуу, эл аралык журналистиканын эрежелери менен жазылган макалаларды чыгарууга аракет кылат. Kloop.kg сайты Кыргызстанда сапаттуу, көзкарансыз жана объективдик көп сандуу эмес маалымат ресурсдун бири[6].

Билим берүү түзөтүү

«Клооп Медиа» фонду Бишкектеги Балдар Медиа Центри менен кошо борбор калаадагы жаштарды журналистика менен тааныштырып, өздөрүштүрүүгө жардам берет жана аларды эркин убакыт шартында иштөөгө чакырат. «Клооп Медиа» фонду келечекте Кыргызстандын кичи шаарларында жергиликтүү жаштарга тренинг аркылуу журналистика жөнүндө үйрөөтүү пландары бар. Бирок, бир нече себебтерден тышкары, кичи шаарларда интернет жай болгон үчүн бул пландарды ишке ашыруу азырынча кыйын болуп жатат.

2009 жылдын ноябрь айынан тарта мекеменин ичинде «New Media» мектеби ачылган. Ал мектепте эки курстар өткөрүлөт: журналистика боюнча жана программирование облусундагы сабактар[7].

Сыйлыктар түзөтүү

Kloop 2007 жылдын сентябрь айында Казакстандын Караганда шаарында өткөн Поколение.kz форумунда жаштардын веб-сайты боюнча номинациясында Өзбекстандын, Казакстандын жана түштүк Орусия сайттардын арасынан экинчи оорунду ээледи[8]. 2008 жылдын январь айында Kloop.kg’нин Бишкекте турган блоггери Тимур Райымкулов Neweurasia’нын «Орто Азиянын эң мыкты блогу» деген номинацияда биринчи орунду ээледи, дагы башка Kloop.kg’нин блогу - Өзбекстандык анонимдик Real Uzbekistan деген блог үчүнчү оорунду ээледи[9].

2009 жылы Internews Network Kyrgyzstan менен уюштурулган «Стремление» конкурсунда, Kloop.kg «New Media» номинациясында сыйлыкка татыктуу болду[10].


Тиркемелер түзөтүү

  1. үчүн 15 жаштан 25 чейинчи балдар жазышат (russian).(жеткиликсиз шилтеме)
  2. Теперь на Клоопе есть подкасты! (Russian). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2010. Түп булактан архивделген күнү 22 -июль (теке) 2011.
  3. LiveJournal Demographics
  4. Price rates of the SaimaNet ADSL connection (in Russian). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2010. Түп булактан архивделген күнү 28 -сентябрь (аяк оона) 2007.
  5. Публикуйте свои новости на главной! (in Russian). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2010. Түп булактан архивделген күнү 25 -ноябрь (жетинин айы) 2010.
  6. Kloop.kg'нин журналисттик иши жөнүндө (Орусча). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2010. Түп булактан архивделген күнү 25 -ноябрь (жетинин айы) 2010.
  7. Жаңы Медиа мектеби (Орусча). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2010. Түп булактан архивделген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2009.
  8. Главная.
  9. Орто Азиянын эң мыкты блогу. Жыйынтыктар (Англисче). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2010. Түп булактан архивделген күнү 26 -сентябрь (аяк оона) 2009.
  10. Стремление, результаты (Орусча). Текшерилген күнү 15 -июль (теке) 2010. Түп булактан архивделген күнү 18 Апрель 2011.

Шилтемелер түзөтүү