Neuralink - имплантталган нейрокомпүтердик интерфейс иштеп чыгуу жана өндүрүү менен алектенүүнү пландаган Илон Маск тарабынан негизделген америкалык нейротехнологиялык компания. Компаниянын баш кеңсеси Сан-Франсискодо жайгашкан. 2016-жылы негизделген. Компания тууралуу биринчи жарыя 2017-жылдын март айында чыккан. Neuralink маркасы мурдагы ээсинен 2017-жылы январь айында сатып алынган.

2017-жылы апрелде Wait But Why'да жарыяланган макалага ылайык, компания кыска мөөнөттө баш мээнин оор дарттарын дарылоочу түзмөк жасоого умтулат. Акыркы максаты - адамды жеткилең кылуу болуп саналат.

Бирок, Масктын 2016-жылдын июнь айында эле "нейро тасма" түзүүнү талкуулаганы бар (англ. neural lace, Иэн Бэнкстин илимий-фантастикалык аңгемелеринде "Маданият" (англ. The Culture) үстөк цивилизациясынын өкүлдөрү тарабынан колдонулган).

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү