StarCraft (видео оюн)

StarCraft‎»‎ барагынан багытталды)

StarCraftBlizzard Entertainment тарабынан иштелип, Microsoft Windows үчүн 1998-жылдын 31-мартында чыгарылган аскердик илимий фантастикалык чыныгы убакыттагы стратегияга негизделген видео оюн. Кийин бул оюндун франшизасы жаралып, ал StarCraft сериясындагы биринчи оюн болуп калган. Классикалык Mac OS версиясы 1999-жылы чыккан. Ал эми Mass Media менен биргеликте иштелип чыккан Nintendo 64 ылайыкташтыруусу 2000-жылдын 13-июнунда жарык көргөн. Оюндун үстүнөн иштөө 1995-жылы Warcraft II: Tides of Darkness жарык көргөндөн кийин эле көп өтпөй башталган. StarCraft оюнунун бет ачары 1996-жылдагы Е3 иш-чарасында болуп өткөн. Ал жерде бул оюн Warcraft IIге салыштырмалуу оң пикирлерге ээ боло алган эмес. Натыйжада, долбоор толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 1997-жылы коомчулукка көрсөтүлгөн жана бир топ оң ой-пикирлер айтылган.

25-кылымда Жер планетасындагы ойдон чыгарылган убакыт түрмөгүндөгү окуяларды чагылдырган оюн Саманчынын жолу галактикасынын алыскы Копрулу сектору деп аталган бөлүгүндөгү үч галактикада бир учу-кыйырына башкаруу үчүн күрөшүп үч түрдүн үстөмдүк үчүн жүргүзгөн согушунун айланасында өнүгөт: Террандар (англ. Terrans), ар кандай кырдаалга ылайыкташуу боюнча жөндөмдүү болгон Жерден сүргүнгө айдалган адамдар; Зерг (англ. Zerg), башка расаларды ассимиляциялоону каалаган жана генетикалык кынтыксыздыкка жеткиси келген курт-кумурска түркүмүндөгү раса; ошондой эле Протостор (англ. Protoss), өнүккөн технологияга жана акыл-эс жөндөмдүүлүктөрүнө ээ болгон адам түркүмүндөгү жандыктар. Алар Зергдерден өз маданиятын жана бекем философиялык турмушун коргоп жашоого аракет кылышат.

Тармактагы журналисттердин көбү StarCraftты тарыхтагы эң мыкты жана абдан маанилүү оюндардын бири деп, чыныгы убакыттагы стратегиялык оюндарды иштеп чыгып, даражасын көтөргөнү үчүн өз бааларын беришкен. 2009-жылдын февраль айына карата дүйнө жүзү боюнча 11 миллиондон ашуун нускада сатылган StarCraft жеке компүтер үчүн бестселлер оюндардын бири болуп саналат. Чыныгы убакыт стратегиясына негизделген оюнда өзгөчө топторду колдонууга болгону жана кызыктуу окуясы үчүн мактоого алынган. StarCraftтын көп оюнчуга негизделген версиясы Түштүк Кореяда өзгөчө популярдуу. Ал жерде оюнчулар жана командалар профессионалдык мелдештерге катышып, демөөрчүлүктөргө ээ болушат, ошондой эле телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн мелдештерде таймашышат. StarCraftтын сюжети романдар циклине ылайыкташтырылып өнүктүрүлгөн. Ал StarCraft: Brood War кеңейтилген пакеттен жана автордук укугу сакталган эки кошумчадан турат. StarCraft II: Wings of Liberty аттуу уландысы 2010-жылы июлда жарык көргөн. Түп нуска версиясынын кайра оңдолгон чыгарылышы жана толукталган версиясы 2017-жылдын 14-августуна пландалган. Кеңейтилген версиясы менен катар оюндун түп нускасы коомчулукка 2017-жылдын 19-апрелинде бекер сунушталган.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү