Абдыкерим Сыдык уулу (1889-1938) – кыргыздын чыгаан коомдук жана мамлекеттик ишмери, окумуштуу, тарыхчы. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган улуу инсан.

Абдыкерим Сыдыков

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Балалык чагы

Абдыкерим Сыдык уулу 1889-жылы Кыргызстандын азыркы Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында солто уруусунан ири манаптын үй бүлөсүндө туулган. А. Сыдык уулудун чоң аталары Чүй өрөөнүнүн белгилүү манаптарынан болгон. Чоң атасы Өзүбек Пишпек уездинин Талкан болуштугун көп жылдар башкарып, таасирдүү адамдардан болгон. Өз атасы Сыдык да Талкан болуштугун башкарып кийин Пригородный болуштугунда бий болуп шайланган. Абдыкерим алгач өзүнүн чоң атасы салдырган мусулман мектебинде окуп, ал жерден арабча кат тааныган. 1904-1911-жж Верный шаарындагы (азыркы Алмата) гимназияда билим алган. Мындай гимназия ошол мезгилде Орто Азияда эки жерде, Ташкенде жана Верныйда (Алматы) болгон. Ал жерде окутуу орус тилинде болуп, немис, француз, латын тилдерин, математика, тарых, география сабактары окутулган. 1911-жылы Абдыкерим гимназияны аяктап, окуусун улантуу үчүн Казан университетинин ветеринария факультетине тапшырган. Бирок, ал жакта аба ырайы ден соолугуна тескери таасирин тийгизип, университетти бүтпөй калган. Ал жактан келгенден кийин А.Сыдык уулу 1913-1916- жылдары Нарын жана Каракол уездерине мектеп ачкан жана ал мектептерде өзү мугалим болуп иштеген. Ушул эле жылдары ал Пишпек уезддик башкармалыгында катчы жана тилмеч болуп иштеген. 1914 - жылы декабрда Оруссияда Романовдор династиясынын 300 жылдыгына арналган юбилейлик медаль менен сыйланган.

1917-жылкы ыңкылаптардан кийин түзөтүү

1917-жылы Оруссияда Февраль революциясы болуп, 2-мартта убактылуу өкмөт түзүлөт. 
Бул өкмөттүн штабтары Оруссиянын колонияларында да түзүлүп, Кыргызстанда убактылуу өкмөт орноп, А. Сыдык уулу Пишпек уезддинин комиссарынын орун басары болуп иштеген. 
1917- жылы жай айларында Пишпекте "Алаш Ордо" казак- кыргыз партиясынын бөлүмүн Пишпекте ачууга катышып, аны Мамлекеттик думанын мүчөсү, кадет А. Байтурсун уулу жетектеген. 
Бул партия элдин алдына эркиндик, теңчилдик,  демократия, кыргыз жана казак элинин бир туугандыгы, алардын суверендүү өнүгүшү керек деген чакырыктарды көтөрүп чыккан. 
Бул партияны уюштурууда  А. Сыдык уулу,  И. Арабай уулу,  К. Тыныстан уулу, Н. Тулин жана башкалар жардам берген. 
1918- жылы "Алаш Ордо" партиясынын Пишпектеги бөлүмү тарап, ушул эле жылы большевиктер партиясынын катарына өткөн. 
1919-1920 - жылы Жети-Суу обласынын мусулман бюросунун төрагасынын орун басары, андан кийин Туркестан Коммунисттик партиясынын Жети-Суу обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болгон. 
1921-жылы июлда Советтердин Жети-Суу областык аткаруу комитетинин төрагалыгынын орун басары болуп иштеп, кийин төрагасы болгон. 
1922- жылы Туркестан АССРинин Ички иштер Эл коммиссарынын орун басары болуп иштеген. Ушул эле жылы Советтердин бүткүл союздук I съездинде кыргыз жеринен барган өкүлү болуп катышат.

Улуттук облус түзүү демилгеси түзөтүү

Абдыкерим Сыдыков 1922 - жылы март айында Тоолуу кыргыз областын түзүү боюнча маселе көтөрүп чыккан.

Себеби 1920 - жылы 25 августта Кыргыз (Казак) АССРин түзүү боюнча декрет кабыл алынып, Туркестан АССРинин курамындагы Жети-Суу жана Сыр-Дарыя областары Казак АССРине кошулуп калган. Башкача айтканда кыргыз эли Казак АССРинин курамына кирип калган.

Иш жүзүндө кыргыз элинин өз алдынчалыгы жоголгон.

1922-жылдын мартында Советтердин Буткул Туркстандык 13- сьездинде А.Сыдыков кайтадан Тоолуу Кыргыз областын тузуу жонундогу маселени коюп, оз сунушун колдоого алынышына жетишти.

1922-жылы 25-мартта Туркстан Республикасынын курамында Тоолуу Кыргыз областын тузуу жонундо чечим чыгарылган.

Анда Пишпек, Каракол,Нарын уездери жана Олуяата уездинин тоолуу болугу кирген, борбору Кочкор кыштагы болгон Тоолуу Кыргыз областын тузуу анын уюштуруу комиссиясынын торагасы болуп Абдыкерим Сыдыков бекитилгендиги каралган.

Ошентип кыргыздар жашаган аймактын бир болугундо бирдиктуу, оз алдынча улуттук автономиялуу мамлекетуулугун тузуу учун реалдуу мункунчулуктор ачылат.

Тоолуу Кыргыз областын түзүү боюнча демилге алгач колдоого алынып, бирок, бийликтеги Р. Кудайкулов, А. Каменскийлер тараптан колдоого алынбай, бул чоң саясий карама-каршылыкка алып келген.

Натыйжада И. В. Сталиндин көрсөтмөсү менен атайын чакырылган съезддин иши токтотулган.

1922- жылы 23 мартта Тоолуу Кыргыз областын түзүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы А.Сыдыков Жети-Суу областык аткаруу комитетинин төрагалык кызматынан бошотулат.

Бул ага жана анын жактоочуларына тийген катуу сокку болгон.

Бирок,1922-жылы А.Сыдыковдун иши кайра каралып, анын партиялуугу кайра калыбына келтирилген.

Кара-Кыргыз автономиялуу областын түзүү боюнча уюштуруу иштерине активдүү кирише баштаган. Анын мындай активдүү иш аракеттери "бай манап тукуму, мурдагы полицей" деп катуу сынга кабылып, 1922-1924-жж үч жолу партиядан чыгарылып, кайра калыбына келтирилген.

1924-жылы Октябрь айында Кара-Кыргыз автономиялуу областы түзүлүп, А.Сыдыков баш болгон бир топ адамдар мамлекеттик жетекчилик кызматтарга атайын киргизилбей калган.

«Отузчулардын» каты түзөтүү

Чындыкты тайманбай айткан, коомдогу болуп жаткан иштерге, саясий ишмер катары терен анализ бере билген Абдыкерим Сыдыковдун кийинки тагдыры «Отузчулардын» каты менен байланыштуу болду.

1925-жылы Кыргызстандагы мамлекеттик кайра тузуу боюнча жургузулгон иш чараларды талдоо менен 30 партиялык жана советтик кызматкерлер жогору жакка кат менен кайрылган. Катта партиялык жетекчиликтин иши, анын советтик жетекчиликтин ишине кийлигишууго аракеттенуусу жонундогу жагдайлар сынга алынган. «Отузчулардын» башчысы А.Сыдыков эле.

Жогору жактан кат терен анализге алынбастан эле улутчул деген муноздо бааланды.

Ошол эле жылы «отузчулардын» башчылары партиядан чыгарылып, жетекчилик кызматтардан алынган.

Көрө албаган чыгымчылдардын аркасында А.Сыдыков 1922-1924-жылдардын аралыгында үч жолу партиядан чыгарылып, бирок кайтадан калыбына келтирилген.


Ташкендеги жылдар түзөтүү

Жогорудагы окуялардан кийин А.Сыдыков мамлекеттик кызматтан четтеп, окутуучулук ишмердуулукко отот.

Кыргыздын тунгуч гезити Эркин Тоону түзүп, уюштуруучуларынын бири болгон. Анын биринчи санында ( 7-ноябрь 1924-жылы) "Эл жана сарамжал" деген макаласы жарыкка чыккан.

Бул мезгилдерден баштап Абдыкерим Сыдыков мамлекеттик кана ишмер эмес озунун окумуштуулук талантын да корсото алды. Ал бир нече илимий эмгектердин автору болуп чыга келди.

1926-жылы «Кыргыз элинин онугушунун…………………………….», 1927-жылы «Кыргыздардын уруулук болунушу» андан тышкары 1930-жылдары «Кочмон калктардагы малды кармоону уюштуруу», «Борбордук Азиядагы жут жана тоюттун жетишсиздиги жонундо. Тарыхый муноздомо» деген эмгектерин жараткан.

Активдүү саясаттан четтетилген Абдыкерим Сыдыков 1926-1932-жж Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик университетинде (САГУ) айыл чарба факультетинде окутуучу, илимий кызматкер болуп иштеген. Кийин Ортоазиялык пахтакерлик институнун суу чарба факултетинин деканынын орун басары кызматына көтөрүлгөн.

Андан сырткары кыргыз элинин тарыхына да кайрылып, "Кыргыз элинин уруулук бөлүнүшү" деген илимий макаласын чыгарган. Бул макаланы жазууда илимий адабияттарды, орус авторлорунун эмгектерине кайрылып, шилтеме жасаган жана бул эмгеги Ташкенттен 1927-жылы китеп болуп чыккан.

Кайрадан Кыргызстанда түзөтүү

1932-жылы Кыргыз АССРинин жетекчилеринин сунушу менен кайрадан Кыргызстанга чакырылып, Кыргыз АССРинин мампланынын төрагасынын орун басары болуп иштейт.

Кыргыз элинин өз алдынчалыгы жана гүлдөп өнүгүшү үчүн күрөшкөн адамдардын катарында турган Абдыкерим Сыдыковдун тагдыры ушундайча аяктаган. А.Сыдыков бала кезинен эле элдик чыгармаларга кызыгып, өзгөчө "Манасты" абдан баалаган. Кийин эл арасына чыгып, өзүнүн саясий ишмердүүлүгүн баштаган мезгилде да "Манасты" көңүл сыртына калтырган эмес.

А.Сыдыковдун псевдонимдеринин бири «Манас» болчу. Ал элдик чыгармачылыкты, өнөрдү баалап гана койбостон учуру келгенде чыгармачыл адамдарды да колдогон.

Мисалы, 1911-жылы Уфа шаарында жазгыч акындардын бири Молдо Кылычтын Чүй өрөөнүндө өткөн кылымдын башында болуп өткөн катуу жер силкинүүнү баяндап жазган "Зилзала" деген чыгарма-сына өзү баш сөз жазып, басмадан чыгарууга көмөктөшкөн.

А.Сыдыковдун соңку өмүр жылдары түзөтүү

Кыргызстанга кайтканына көп узабай, А.Сыдыков 1933-жылдын 9-майында камакка алынат.

1934-жылдын 28-февралында " Социал-Туран деп аталган улутчул контрреволюциялык уюмдун" жетекчиси деп ага күнөө тагылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

1938-жылы 10-февралда Кыргыз ССРинин НКВДсынын чечими менен Социал-Туран партиясынын уюштуруучуларынын бири катары күнөө тагылат.

Тоталитардык машинанын кандуу репрессиясынын чырмоогуна кабылган Абдыкерим Сыдыковко жалган жалаа жабылып, 1938-жылы 18-февралда 49 жашында өлүм жазасына тартылган.

Улуу инсан, алдынкы лидер Абдыкерим Сыдыков кыргыз мамлекетин тузуу жана чындоого талбай аракет жасап, озун кутуп турган коркунучту билсе да атуулдук туруктуулукту корсотту.

Бугунку эгемендуу мамлекетибиздин жаралышына зор салымы бар А.Сыдыков «алгачкы жол салуучулардын» бири катары курман болду.

Бирок анын таза жана жаркын ысымы калыбына келтирилип, азыркы муундун улуу идеалына айланды.

Эгемендик доордо аны эскерүү түзөтүү

Кыргызстан мамлекеттик көз карандысыздыкка жеткен соң, Абдыкерим Сыдыков улуу мамлекеттик ишмер катары кайра татыктуу баасын алды.

Анын эстеликтери тургузулду, анын залкар салымы тууралуу далай китептер, макалалар жазылды.

Анын жаркын элесин эскерүү чараларын уюштурууга “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын, Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын мүчөлөрү, ошондой эле тарыхчылар Субакун Бегалиев, Зайнидин Курманов, жана өз уулу Эрк Абдыкеримович Сыдыков, ж.б. чоң салым кошушту.


Эмгектери түзөтүү

  • "Эл жана сарамжал" – Эркин Тоо. Ноябрь, 1924.
  • "Кыргыз окмоту жана калкы токтоосуз сарамжалга кирешуу керек". – Эркин Тоо. Ноябрь, 1924.
  • А.Сыдыков. "Родовое деление киргизов". – Жыйнакта: "Благодарные ученики Средней Азии и его почитатели". Ташкент; 1927.

Айрым адабият түзөтүү

  • АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ - национальный лидер. - Б.: Кыргызстан, 1992. - 183.
  • З.Курманов “А. Сыдыков” Бишкек; 2002.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий био-библиографический свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. – Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2002. – 544 стр., илл., карта. - ISBN 5-89750-142-4.

Колдонуучу булактар түзөтүү