"Манас" эпосундагы арбак түшүнүгү

Арбак (арабча рух) — эл ишениминде өлгөн денеден бөлүнүп, өз алдынча жашоосун улантуучу адам жаны, элеси, сөлөкөтү. Ата-бабанын арбагын ыйык эсептеп урматтоо расмиси түрк, моңгол элдеринин, анын ичинде Орто Азия элдеринин оозеки чыгармаларында кеңири таралып, өзүнчө жалпылыкты түзөт. Мындай кеңири аймакка белгилүү болгон арбак жөнүндөгү миф денеден бөлүнүп чыккан «жан» (киши өлгөндө) тиги дүйнөдө жашоосун улантат деген түшүнүккө негизделген. Арбакка сыйынуу, аны ыйык саноо ишеними эпосто кеңири кездешет. Ата-бабалардын арбагы эпикалык каармандарды кыйын шарттарда колдоп, аларга жардам кылып, дем берип туруучу сыйкырдуу, касиеттүү күчтүн милдетин аткарат. «Семетейде» Манастын арбагы өзүнүн жакын чоролору менен Семетейди кысталыш жерлерде дайыма колдоп жүргөндүгү баяндалат. Семетей туулган жери Таласты биринчи жолу көргөнү келгенде (Семетейдин сюжети) энеси Каныкейдин айткан аманатын аткарып, ата-бабасынын арбагына сыйынып, атасы Манастын күмбөзүнө зыярат кылып, курмандык чалат. Талас суусун кечип өткөндө да аны кырк чилтен колдоп, Манастын пирлери жандайт. Ошондо Манастын арбагы көрүнүп:

Атышка кирип барганда,
Каарданып бакыргын,
Кысталып жоого келгенде,
Сен, балам, Манастап ураан чакыргын!
Арбагым азыр бар болсо,
Балам ар жерден колдоп аламын,— дейт.

Арбакка сыйынуунун, арбактын күчүнө ишенүүнүн үлгүсү «Каныкейдин Тайторуну чапканы» аттуу эпизоддо чагылдырылган. Байгеге төлгө кылып чабылган алтымыш асый Тайторуну Манас жана анын чоролору Алмамбет, Чубак, Сыргактын арбактары сүрөөгө алышып, мөрөйгө биринчи болуп келишине колдоо көрсөтүшөт. Эпостун бардык бөлүктөрүндө кыялый жалган түшүнүккө негизделген кереметтүү күч катары арбак тирүү адамдарга колдоо көрсөтүшкөн диний-мифологиялык маанисинде жана элди, жерди, айрыкча эпикалык каармандарды идеалдаштырууда өзгөчө поэтикалык ык катарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4