"Манас" эпосундагы баатырдык мотивдердин эволюциясы

"Манас" эпосундагы баатырдык мотивдердин эволюциясыР. Сарыпбековдун монографиясы (Фр., 1987).

Китеп кириш сөз жана «Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшү», «Эпикалык каармандарды идеализациялоочу мотивдердин эволюциясы» деген эки бөлүмдөн турат. Эмгекте баатырдык мотивдердин эволюциясын ачуу аркылуу «Манас» эпосунун алгачкы баатырдык жомоктордон монументалдуу тарыхый эпоско айланышы көрсөтүлгөн. Эпостун тарыхый өнүгүшү каралып, анын эпикалык борборун түзүүгө түрткү болгон тарыхый мезгил кеңири иликтөөгө алынган, башкы каармандардын ысымына этимологиялык талдоо берилет. Иш түрк-моңгол, дүйнөнүн жана башкалар элдеринин фольклордук, лингвистикалык, этнографиялык көптөгөн материалдарынын негизинде тарыхый салыштырма планда жазылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү