“Шоокум” илим, турмуш жана маданият журналынын 2005- жылдын 21- декабрында белгилүү коомдук ишмерлердин, жазуучулардын , журналисттердин катышуусунда алгачкы санынын бет ачары өткөрүлгөн.

Журнал "Ыйык Ата Журт" коомдук жаштар фондунун демилгеси менен ачылган. Жарык, шоола, нур, үн, дабыш, жарыя, жышаан сыяктуу бир канча маанини туюндурган “Шоокум” деген ысымдагы бул журнал жалпы элибизге илимдүүлүктүн, жаштарга дем, күч берсин деген максатта чыгарылган.

Журналга жарыяланган ар бир макала, макаладагы ар бир ой, идея түпкүлүктүү кыргыз элинин тарыхынан, көөнө рух көрөңгөсүнөн сызылып алынган баалуулуктары менен бүгүнкү заманбап замандын жетишкендиктеринин жуурулушуусунан пайда болгон мүрөк суу сыяктуу.

Бүгүнкү күндө журналдын дайымкы окурмандарынын саны 4000ден ашты, (мунун ичинде Казакстандагы, Россиядагы, Украинадагы Түркиядагы, Германиядагы жана башка) өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралардын өкүлдөрүнө берилгендер), ал эми нускасы 3000ге жетти.

Максаты түзөтүү

  • Кыргыз коомчулугунун, анын ичинде жаш муундарды объективдүү маалыматтар менен өз убагында кабардар кылып, коомдук прогресстен артта калбоого, ар кандай терс көрүнүштөрдөн арылып, Ата журт үчүн ак кызмат кылууга үндөө;
  • Өлкө ичиндеги социалдык –экономикалык маселелерди чечүүгө салымын кошуу;
  • Ата мекендик журналистикада өзүнүн таасы, жүзү жана туруктуу позициясы бар. Эң башкысы эркин басылма болуу.