«Аалам» гезити - жумасына бир жолу чыгуучу менчик гезит. 1991-ж. негизделген. Биринчи редактору Ч. Абыкеев. Негизги багыты жана мазмуну боюнча коомдук-саясий, социалдык маселелер, тарых, маданият, адеп-ахлак жана эне тилдин бүгүнкү абалы, келечеги жөнүндөгү маанилүү маселелерге, ошондой эле аалам кубулуштарын чагылдырган түшүнүктөргө көңүл бөлөт. Нускасы 8 миң (2005).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1