«Манас» эпосундагы өсүмдүктөр дүйнөсү

«Манас» эпосундагы өсүмдүктөр дүйнөсү (флора) — «Манас» эпосунда кыргыздардын ар түрдүү түшүнүктөрү менен катар табият менен карым-катышы, жаратылыш тууралуу билимдери да орун алган. Анын ичинде элдин Ө. д-нө болгон мамилеси жана өсүмдүктөр жөнүндөгү билимдерине да кеңири орун берилген. «Манастын» түрдүү варианттарында Ө. д. жөнүндөгү маалыматтар өтө бай жана ар түркүн. Эпостун манасчы Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарык көргөн төрт томдугунда (1978 — 82) өсүмдүктөрдүн 70ке жакын атоолору кезигип, алар түрлөрүнө, өзгөчөлүктөрүнө жараша так берилет. Алардын ичинде токой, чер бак, гүл бак, сабак, бакча, гүл, жыгач, дарак, бадал, чырпык, жалбырак, дүмүр, чөп, куурай, жемиш жана башкалар жалпы маанидеги атоолор бар. Эпосто өсүмдүктөрдүн төмөнкүдөй ар кандай түрлөрү жөнүндө айтылат. Дарак жана бадалдар басымдуу айтылат: карагай терек, байтерек, чынар, тал, кара жыгач, кайың, четин, сары жыгач, ит мурун, ыргай жана башкалар; жемиш жыгачтары: алма, алмурут, өрүк, жаңгак, алча, бадам, мисте, жүзүм, карагат жана башкалар; чөп өсүмдүктөрү: бетеге, тулаң, чымылдык, ышкын, көк шибер, чий, камыш, жекен, көк тикен, кымыздык, балтыркан, жантак, ат кулак, чалкан жана башкалар; эгиндер: буудай, күрүч, арпа жана башкалар; бакча өсүмдүктөрү: коон, дарбыз.

Ошондой эле элге анча белгилүү болбогон бадалдардын (тоорак), чөптөрдүн (кыткыл чөп), башка тилдердеги кокок, сагаса (өзбекче чекенди), жаңгел токой деген өңдүү аталыштар да учурайт.

Эпосто көбүнесе токой тууралуу айтылат. Бул илгерки заманда жердин көбүн токой ээлегенин көрсөтөт. Биология илими да муну ырастайт. Токойдогу дарактар жөнүндө кеп болгондо артыкча тал, андан кийин кайың, карагай, терек, чынар, алма, алча, жаңгак, камыш, жекен жана башкалар айтылат. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында: Бири терек, бири тал, жыгачынын түркү ушу (СО 1.243), — деп баяндалат. Өсүмдүк түрлөрү да ажыратылып берилет. Мисалы, жөнөкөй тал, кырчын тал жана башкалар өсүмдүктөр таралышына жараша да көрсөтүлүп, какырдын бадалдары, нымдуу жерди ээлеген жазы жалбырактуу, ийне жалбырактуу токойлор, суу бойлоп өскөн жекендүү, камыштуу аймак делип өз-өзүнчө сыпатталат. «Манас» эпосунун окуялары көптөгөн аймактарда өтүп, ар бир жердин Ө. д. өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү менен сүрөттөлөт. Мисалы, Манас туулуп өскөн Алтайдын токойго, түркүн өсүмдүктөргө бай кооз жер экендиги, «бугу оттогон жерлери, булуңдуу токой черлери» жөнүндө айтылат. Ошол жерде өскөн токойдун аянты, калыңдыгы «бери жагында кырк күндүк, караңгы токой чер бар дейт» деген саптар менен берилип, токой арасындагы «көк ала майдан шиберди аралап», жайылып жүргөн мал тууралуу да көп айтылат. Ал эми Алтайдан Анжыянга көчүп келген эл жер жайнаган жемиш токойлорун көрүп, Талас жеринин «алчасы чирип дөң болгон, алмасы жатып көң болгон» Ө. д-нө суктанышат. Эпостун окуялары «жаткан, жаңгак сууда бар, алма, бадам жуда бар, алча жүзүм бу да бар» күнөстүү тажик жергесинде да өтөт. Көкөтөйдүн ашын өткөрүү үчүн «үзөнгүдөн чөп экен, бетеге белден бураган» айтылуу Каркырага көчүп барышат.

Жүрөктү титиреткен кармашууларга, жеңүү-жеңилүүгө жык толгон Чоң казат «текчеден гүлү ачылган, жемиши жерге чачылган» кооз, көркөм, өсүмдүктөргө бай кытай жеринде жүрөт. Адеп кытай жерине келгенде кол «дөгө-деген жалбырак, төрт канат үйдүн үзүктөй» экенин, маша деген өсүмдүктү, беченди, күчала деген чөптөрүн, жан-жаныбарларын көрүп таң калышат. Эпосто жапайы өсүмдүктөр менен катар чарбактар, андагы өсүмдүктөр жөнүндө да айтылат. Мисалы, айтылуу Көкөтөй бай өлөөрүндө «жети таш жерге тигилген, жетимиш уруу тал калды» деп арман кылат. Ошол кезде эле элдин өсүмдүктөрдүн өз ара жамаатташтыгы, башкача айтканда экологиялык байланышы жөнүндө түшүнүктөрү да бар экенин төмөнкү саптардан байкоого болот: «Алмурут чыккан жерлерге ит мурун чыгат дечү эле». Чынында эле алмурут менен ит мурун аймакташып каксоо жерлерде өсөт. Ө. д. табияттын кооздугун, байлыгын гана көрсөтүү үчүн эмес, ар андай поэтикалык ыкмаларды түзүүдө материал катары да пайдаланылат. Өсүмдүктөр метафораларда, айрыкча кыздардын, аялдардын сулуулугун көрсөтүү үчүн пайдаланылган. Мисалы, Аруукенин элеси: «карагат көздүү, кан жүздүү кашы кара ай түстүү». Өсүмдүктөр айрыкча салыштырууларда да өтө көп колдонулат.

«Манас» эпосунда өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрү жөнүндө айтылып, эпостун окуяларын баяндоодо ыгы менен, өз өлчөмү менен берилип, анын көркөмдүгүн арттырып турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4