«Манастын» сюжети«Манас» эпосунун мазмунундагы камтылган маалыматтар менен окуялардын атайын ык аркылуу баяндалган жалпы суммасы. Көп варианттуу (к. «Манастын» варианттары), татаал сюжеттүү, өтө көлөмдүү «Манастын» тексттериндеги окуялар менен маалыматтарды бүт камтыган вариант жок. Эпостун сюжети менен бир эле учурда кенен тааныштыруунун жалгыз жолу чыгарманын туруктуу салттык окуяларын толугураак камтыган жана окуяларды баштан аяк кенен баяндаган, жогорку көркөмдүктөгү бир вариантты негиз катарында пайдаланып, анда айтылбаган окуяларды башка варианттар менен толуктоо, варианттар арасындагы айырмачылыктарды белгилеп көрсөтүү. Ошондуктан, «Манастын» сюжети негиз катары алынган Сагымбай Орозбак уулунун варианты Саякбай Карала уулу айткан вариант жана В. В. Радлов жазган текст менен толукталуу аркылуу берилди. Эпостун башка негизги варианттары да зарылчылыгына ылайык салыштыруу түрүндө пайдаланылды.

«Манастын» сюжетин түзгөн окуялар өзгөчө зор көлөмдүү чыгарманын оозеки жашоосунан жана аткарылышынан пайда болгон зарылчылыкка ылайык чоң-чоң эпизоддорго бөлүнүп түзүлгөн. Мындай чоң эпизоддор көптөгөн майда окуялардан, маалыматтардан куралат. Ушуга ылайык композициялык курулушу жактан чоң эпизоддор өзүнчө чыгармага таандык белгилерге ээ, ар биринин аталыштары да бар. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашы », «Чоң казат » жана башкалар.

Эпостун башталыш окуялары «Манастын туулушу жана балалык чагы» (кээде «Баатырдын туулушу жана балалык чагы»), — деп аталуучу чоң эпизодго топтоштурулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4