«Манастын уулу Семетей» (көркөм фильми)

«Манастын уулу Семетей» (Көркөм фильми) («Семетей сын Манаса») — тартылып бүтпөй калган көркөм фильм. Кыргызстан КПБКнын бюросунун 1939-ж. 27-ноябрдагы Улуттук искусствону өнүктүрүү жөнүндөгү токтомуна ылайык 1940—42-ж. толук метраждуу үч кинофильм, анын ичинде эң алгачкы кыргыз көркөм фильми — «М. у. С». тартылууга тийиш болгон. Болочокку фильмдин сценарийин «Семетей» эпосунун негизинде ленинграддык кинодрамадург К. Исаев менен бирдикте Ж. Бөкөмбаев жазган. Сценарийде Семетейдин атасынын улуу ишин улантып, Манас өлгөндөн кийин бытыранды болуп, эзүүнүн астында калган кыргыз урууларын бириктирүү үчүн жүргүзгөн күрөшү баяндалган. Г. М. Раппопорт режиссёру, Я. С. Кулиш оператору, Дубровский-Эшке башкы сүрөтчүсү болуп бекитилген. Ролдорду аткарууга белгилүү профессионал кыргыз артисттери: С. Кийизбаева, М. Рыскулов, А. Боталиев, К. Эшимбеков жана башкалар чакырылган. Фильмдин баш каарманы Семетейдин ролун жогорку партиялык курстун угуучусу Урманбек Абдыгулов, Айчүрөктү белгилүү балерина Б. Бейшеналиева ойномок. Кыргызстанда киностудиянын жоктугуна байланыштуу «М. у. С-ди» тартуу Алматыдагы киностудиянын базасында ишке ашырылууга тийиш болгон. 1945-ж. 27-октябрда кинотоп Кемин районунун тоолорунда «М. у. С.» көркөм фильмин тарта баштагандыгы жөнүндө «Труд» газетасында билдирүү жарыяланган. Фильм кеңири масштабдагы баатырдык эпопея катары пландаштырылган. Материалдык базасы чектелүү болгондуктан киностудия жасалга, кийим-кече, курал-жарак, аппаратура жана башкалар кино тартууга керектүү нерселерди камсыз кылып бере албагандыктан фильмди тартуу токтотулган. Кинотоп 600 мге жакын тасманы гана тартууга үлгүргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4