«Манасчы»Саякбай Карала уулунун чыгармачылыгына арналган илимий-популярдык фильм. 1965-ж. «Кыргызфильм» киностудиясында тартылган. Эки бөлүктөн турат. Режиссёру Б. Т. Шамшиев, илимий жетекчиси А. Салиев, оператору А. Петров менен Н. Борбиев, музыкасы композитор М. Марутаевдики. Көлөмү анча чоң эмес эпикалык масштабдагы бул тасмада кыргыз элинин турмушуна байланыштырылып, «Манас» эпосуна тиешелүү залкар ойлор камтылган. «М.» фильми көркөмдүк таасири боюнча толук метраждуу көркөм тасмага тете. Фильмдин сюжети манасчы Саякбай Карала уулунун айтуусунда «Манастан» алынган бир нече үзүндүнүн негизинде түзүлгөн. Эпосту аткаруудагы чыгармачылык процессте манасчы башынан кечирген окуяларын, жеке турмушундагы айрым фактыларды орундуу пайдалангандыгы кинорежиссёр тарабынан билгичтик менен көрсөтүлгөн. Мисалы, Саякбай Манастын тыштан келген басып алуучуларга каршы күрөшү жөнүндөгү эпизодду айтып жатканда режиссёр экрандан С. Каралаевдин 1916-жылдагы оор турмушун монтаждап көрсөтөт. Саякбай Манастын согуштук жортуулдарын, салгылаштарды, казаттарды ырдаганда диктордук текстте манасчынын граждандык согушка катышканы, басмачыларга каршы күрөшкөнү баяндалат. Фильмдин тутумунда мындай көрүнүштөр жуурулушуп көрсөтүлгөн. Чыгармачылык жактан кынтыксыз ширетилген режиссёрдук ыкма менен ой фильмдин окуясын улам алга жетелешинин натыйжасында Саякбайдын эпикалык таланты экранда образдуу жана ишенимдүү чагылдырылган. Саякбай буркан-шаркан түшүп, «Манас» айтып жатса, экрандын экинчи планында кеңири планда тартылган тоолор, мемиреп тынч жаткан жерлердин пейзажы көрсөтүлөт. Көлдүн түрмөктөлүп келип, жээкке чабылып көбүктөнгөн толкундары, асманда көчүп бараткан булуттар, жамгырдын угуучулардын беттерине, колдоруна тийген чоң-чоң тамчылары жана ушул өңдүү башка көптөгөн көркөм деталдар фильмдин мазмунун, контекстин байытып, анын философиялык маңызын тереңдетет. Саякбайдын орду менен пайдаланылган чоңойтулган пландагы портреттик көрүнүштөрү: улам жүткүнүп, мурутун чыйратып, жеңин чыканагына чейин түрө калып, өзү айтып жаткан эпостун кейипкерлери менен аралаша жүрүп, анын окуясын тубаса актёрдук чеберчилигин образдуу баяндап, чыгармачылыктын экстазына берилип «Манас» айтып жатышынын экранда көрсөтүлүшү фильмди жараткандардын чыгармачылык ийгилиги. Ал эми ошол ырлардын мазмунуна жараша жасалган кыймыл-аракеттер, бай мимика, эпоско мүнөздүү музыка миң кубулган доошунун сырдуу ыргагы менен угуучуларды бирде кайгыртып, бирде кубантып жогорку чеберчиликте көркөм, уккулуктуу аткарылыштын өзү манасчыны ашкан тажрыйбалуу профессионал артистке теңейт. Фильмдин артыкчылыгы — анда улуу манасчынын поэттикалык көркөм образынын эпикалык масштабда жаратылгандыгында. «М.» фильми Оберхаузендеги кыска метраждуу даректүү фильмдердин бүткүл дүйнөлүк кинофестивалында (1965), Москвадагы Бүткүл дүйнөлүк кинофестивалда (1966) башкы байгеге арзыган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4