«Паблик рилейшнз» (англ. рublic relations - көпчүлүк менен келишүү) - тенденцияларды анализдөө, алардын натыйжасын алдын-ала айтып берүү, уюмдардын жетекчилерине сунуш кылуу жана коомдун кызыкчылыгына жараша иш-аракеттердин программасын ишке ашыруучу искусство жана илим.

« Паблик рилейшнздин» максаты - жалпы ой-пикирлерди жана жалпы кызыкчылыктарды табуу, билимге жана кеңири маалымдуулукка негизделген өз ара түшүнүүгө жетишүү үчүн эки тараптык мамилени орнотуу, ишенич атмосферасын түзүү. «Паблик рилейшнз» мамлекеттик башкаруу ишмердүүлүгүнүн башкы курама бөлүгү болуп эсептелет. Ошондой эле алар башкаруучу жана башкарылуучу кичи системаларын түзгөн адамдардын ортосундагы контакт түзүүнү жана алардын функцияларын иш жүзүнө аткарууну камсыз кылышат. «Паблик рилейшнздин» ар бир программасынын башкы милдеттери төмөнкүлөр: байланыш каналдарын жакшыртуу, кабарлоо жана түшүнүүнүн эки тараптуу - агымын түзүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу; уюмдардын жетекчилерин коомдук ой-пикир тууралуу маалымат менен камсыз кылуу; жооп ирээтиндеги иш-чараларды иштеп чыгууда аларга жардам көрсөтүү; коомчулуктун кызыкчылыгына жетектөөчү ишмердүүлүктү камсыз кылуу, аны алдын-ала көрө билүү жолу аркылуу түрдүү өзгөрүүлөргө даяр абалында колдоо; массалык маалымат каражаттары менен иштөө; уюмдун кадыр-баркын ырастоо.

« Паблик рилейшнз». тармагындагы адис билимин жана шыгын төмөнкү чөйрөлөрдө колдонушу керек: мыйзамдын негизинде адамдын жүрүм-турумуна кеңеш берүү; мүмкүн болгон тенденцияларды табуу жана алардын натыйжасын алдын-ала айтып берүү; конфликттердин жана түшүнбөөчүлүктөрдүн өсүшүнө жол бербөө; өз ара сыйлоо жана социалдык жоопкерчиликтин калыптанышына жардам берүү; жеке жана коомдук кызыкчылыктарды гармониялаштыруу; өндүрүш мамилелерин жакшыртуу; квалификациялуу жумушчуларды ишке тартуу; өздүк кадыр-баркты түзүү, « Паблик рилейшнз ». кызматынын кызматкерлери жүргүзүп жаткан саясатты гана эмес, керек учурда билгичтик менен аны түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоо, бул же тигил чечимдин кабыл алынышынын себептерин да түшүнүүсү зарыл. «Паблик рилейшнз». боюнча адис жетекчинин кеңешчисинин ролуна жана ага жеке максат жана милдеттерди коомчулук кабыл ала турган, акылга сыярлык саясатка өткөрүүгө жардам бере турган кеңешчи катары да чыга алат.

«Паблик рилейшнз». кызматынын жетекчилери: «П. р». суроолору боюнча директор, маалымат кызматынын жетекчиси; « Паблик рилейшнз ». суроолору боюнча кеңешчи; коомдук мамилелердин суроолору боюнча директор, үгүттөө бөлүмүнөн башчысы.

«Паблик рилейшнз». өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • 1) уюм жана бул уюм менен контактка киргендердин ортосундагы өз ара түшүнүүнү жакшыртуучу нерсенин баары;
  • 2) уюмдун «коомдун жүзүн» түзүү боюнча сунуштан;
  • 3) төшөнбөөчүлүктөн булагы болгон кабарларды табуу жана нейтралдаштырууга багытталган иш-аракеттер;
  • 4) үгүтөөнүн, рекламанын, көрсөтмөнүн, видео жана кинозалдардын ылайык келген каражаттарынын жардамы менен уюмдардын таасир көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар;
  • 5) уюмдардын жана адамдардын ортосундагы мамилелерди жакшыртууга багытталган бардык аракеттер ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6