Абада согуу толкуну жарылуу учурунда аба катмарларынын кысылуусунан жана жылуулуктан көп заттардын тез кеңейишинен келип чыгат. Кысылуу жарылуу болгон жерден бардык тарапка үндөн тез ылдамдыкта таралат. Согуу толкуну бир топ алыс аралыктагы түрдүү объектилерди кыйратуу менен адамга да жабыркатуучу таасир тийгизет. Ал адамды көз ирмегенче каптап, кысат да, бир топ аралыкка ыргытып жиберет. Андан коргонууда калканч жайга кирүү керек. Калканч жайлар өзүнчө же турак жай үйлөрдүн, администрациялык, өндүрүштүк имараттардын подвалдарында ылайыкталып курулат. Эшиктери аба кирбей жана чыкпай тургандай жылчыксыз бекитилет, аба чыпкалоочу-желдетүүчү установкалар аркылуу берилет. Аз жабыркоо үчүн өз убагында жана өз ара туура жардам көрсөтүү чоң роль ойнойт. Сыныкта жана сөөктүн муундан чыгышында иммобилизация жүргүзүү зарыл. Дем алуу токтоп калса же кескин начарласа, адам эсинен катуу танса жасалма дем алдыруу керек. Кырсыкка чалдыгууда кан көп кетет, ошондуктан өз убагында жгут же таңгыч менен таңып, кан агууну токтотуу зарыл. Врачтык жардам көрөтүү үчүн жабыркаган адам алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүүчү отрядка жеткирилет.

Негизги макала Массалык жабыркатуучу куралдан коргоо түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8