Абак (этноним)
Параметр text не задан |
Абак (этноним) — этноним. Эпосто казак каны Көкчөнүн жана башкалар бир катар кейипкерлердин уруусу. Казак элинин эпикалык чыгармаларында да (казакча уак, увак) эр Көкчөнүн, анын баласы эр Косайдын уруусу катары сүрөттөлөт. Ишим талаасында жашаган уактар кийинки учурларга чейин өздөрүнүн түп атасы катары Көкчөнү эсептешип келген. Тарыхый уактар казактардын орто жүз курамындагы ири уруу. Абак аттуу майда уруу кыргыздардын чекир саяктарынын арасында да кезигет. 17-кылымдагы казак, кыргыздардын жунгарларга каршы күрөшүндө Абак активдүү роль ойногон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|