Абдар-Рашид Хан, Абдурашидхан – 1533–1560 жылдары Моголстанды бийлеген хан. Султан Саид хандын уулу. Атасынын көзү барында ал Мухаммед-Кыргыз менен Борбордук Теңир-Тоону бийлеген. Алар Моголстан биримдигин калыбына келтирүү максатында, Моголстандын эң алыскы жерлерине чейин барып, чачыранды кыргыз ордолорун чогултушкан. Абдар-Рашид хан калмактарга каршы жеңиштүү жүрүш жасап, «Гази» (башкача айтканда капырларга каршы) атка конгон. Атасынын өлүмүнөн кийин (1533) тактыга отуруп, кыска убакытка Жети-Сууда моголдордун бийлиги орногон. Кыргыз жана казактарга каршы күрөшүү үчүн өзбек шейбаниддери менен бирлик түзгөн. Өзбек шейбаниддерин казактардын кол салуулары тынчсыздандырып турган. 1537-жылы Абдар-Рашид хан казак-кыргыз биргелешкен күчүн кыйроого учураткан. Ага карабастан казактар Ташкенге, кыргыздар Кашкарга коркунуч туудурган.

АдабиятОңдоо

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003 “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети” “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов” Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”

Интернеттик шилтемелерОңдоо