Абдраимова Роза Асан кызы

Абдраимова Роза Асан кызы (1957–жылы Тогузторо районунда туулган) – педагогика илимдеринин доктору (1998), Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер Академиясынын академиги (2001), Кыргызстан кыз-келиндер педагогика институтунун музыка факультетин бүтүргөн (1978). Ош мамлекеттик педагогика институтунда ага окутуучу (1978–1991), Украинанын педагогика илимдер академиясынын аспиранты, докторанты (1991–1998), Кыргыз Республикасынын Украинадагы өкүлчүлүгүнүн советниги (1992–1997), Украинанын Тышкы иштер министрлигинин Дипломаттык Академиясын бүтүрүп «Магистр внешней политики» академиялык даражасын алган. 1997–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратында иштеген. 2002-жылдан бери Жайыл райондук администрация башчысынын орун басары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97