Абдрахманов Сарбат (1940-ж.т., Жаңыжол айылы) - медицина илимдеринин доктору (1992), профессор (1993).

1963-ж. Воронеж мамлекеттик медицина институтунун стоматология факультетин бүтүргөн. 1963-65-ж. Фрунзе (Бишкек) шаарындагы республикалык клиникалык ооруканада врач-стоматолог, 1965-68-ж. Киевдеги медициналык институтунда хирургиялык стоматология кафедрасынын аспиранты, 1968-83-ж. Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун хирургиялык стоматология кафедрасынын ассистенти, кафедранын доценти, балдар стоматологиясы кафедрасынын башчысы, Кыргызстан стоматологдор ассоцияциясынын президенти.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5