Абдырахманов Ыбырайым (1888-1967) - белгилүү кыргыз жомокчусу, санжырачы, педагог, фольклорист.

Ысык-көлдүн Жети-Өгүз тарабындагы Талды-Булак деген жерде оокаттуу үй-бүлөдө туулган.
1905-жылы Караколдо татар мектебин бүтүрүп, мугалим болуп иштеген. Совет бийлигинин жылдарында Алматы, Фрунзеде мугалимдер институтун бүтүргөн.
1935-1960-жылдары Кыргызстандагы тил, адабийатты изилдөө багытындагы илимий мекемелерде кызматкер болуп иштеген. Абдырахманов бүт өмүрүн кыргыз элинин оозеки чыгармаларын чогултууга арнап, С. Каралаевден “Манас”, “Cеметей” “Сейтектин” көп бөлүгүн,
1922-1926-жылдары Сагынбайдан “Манас”эпосун (400 басма табак көлөмүндө),”Эр төштүк” жомогун жазып алган, фондуга өткөргөн. Ал өзү да “Манас” “Семетей”, “Сейтек” эпосун жакшы айткан. ”Манас” трилогиясынын Абдырахманов түзгөн варианты идеялык жактан таза келип, көркөмдүк жактан жетилген. Абдырахманов көп сандаган фольклордук жана тарыхый-этнографиялык материалдарды жыйноодо көп эмгек сиңирген.

Абдырахманов кыргыздын “Жаныл Мырза” дастанын да айткан. Эл арасында айтылган уламыштарды, тарыхый уламыштарды, асыресе “Казак кайын саап, кыргыздардын Ысарга киргени” деген тарыхый уламышты көлөмдүү санат ырга айландырган. “Манастын” кайсы кылымдарда болгону тууралуу” (1941) деген макаласында эпостун доорунун мүнөзү жөнүндөгү көптөн берки байкоолорун топтогон. “Манас” эпосун жарыкка чыгарууга да активдүү катышкан. 1948-жылы СССР жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнө өткөн. Абдырахманов бир нече медалдар менен сыйланган.