Абдыкерим Алымов
Алымов Абдыкерим -обончу, ырчы Аксы районунун Кашка-Суу айылында 1946-жылы 28-февралда туулган. 1963-жылы Кашка-Суу айылынын Ленин атындагы орто мектебин, 1969-жылы Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетин аяктаган. 1969–1972-жж. Жаңы-Жол районунун пионерлер үйүнүн директору, 1972–1974-жж Жаңы-Жол райондук маданият үйүнүн директору, 1974–1975-жж. кайрадан Пионерлер үйүндө директор, 1975–1978-жж. Жаңы-Жол райондук музыкалык мектептин директору, 1978–1983-жж. Лейлек райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, 1983-жылы Кара-Суу райондук маданият үйүнүн директору, 1983–1984-жж. Ош облустук илимий-методикалык борборунун эл чыгармачылыгы бөлүмүнүн башчысы, 1984–1986-жж. Ош педагогикалык окуу жайында мугалим, 1986–1991-жж. Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ал бир нече музыкалык жана театралдык чыгармалардын автору. Анын «Артык», «Ордендүү Ошум, мекеним», «Жалыным сен деп жангансыйт», ж.б. обондору республиканын аймагына тараган. 1968-жылы Кыргыз ССР ЛКЖС БКнын, 1976-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары жана союздук, республикалык, облустук грамоталар, дипломдор менен сыйланган. Ал республикалык жана облустук кароо-сынактардын лауреаты болгон. Обондору комуздун, аккордеондун, эл аспаптар, симфониялык оркестрдин коштоосунда аткарылган жана айрым обондорунун сөздөрүн өзү жазган.
Аткарылып жүргөн чыгармалары
түзөтүү- «Артык» с. А.Алымовдуку
- “Эсиңдеби курбум баягы” с. К.Асанкуловдуку
- “Музыка” с. Ш.Казыбековдуку
- “Сенин кайдан чыгарыңды билбеймин” с. Ж.Мамытовдуку
- “Биздин бригада” с. Б.Өмүрованыкы
- “Көзгө сүйкүм көрүндүң” с. С.Исакбаевдики
- “Тоо кызы” с. Ж.Садыковдуку
- “Жаңы-Жолдун жаштар маршы” с. А.Сооронбаевдики
- “Түн элеси” с. С.Сүйөркуловдуку
- “Жазык беле” с. Ш.Садыбакасовдуку
- “Уулума” с. Г.Карымшакованыкы
- “Тууган жер сага баратам” с. У.Мамбеталиевдики
- “Кыз көрүү” с. Т.Мияшевдики
- “Москва” с. Ш.Казыбековдуку
- “Келе берет ырдагым” с. А.Өскөнбаевдики
- “Дагы ырда, дагы черт” с. Ж.Мавляновдуку
- “Көктөм” с. Ж. Тынымсеитованыкы ж.б.
Дисктери
түзөтүүЖалыным сенде жангансыйт (Сөзү элдики) – Э.Шамурзин. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын обончулары/Кыргызпатент/ Түз.: А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|