Эберген (Аверден)"Манас" эпосунда кезиккен топоним. Эпосто жомоктук-фантастикалык элесте чагылдырылган Аберген көлүн табияттын стихиялуу күчүн элестеткен, башкача айтканда суунун, жаан-чачындын ээси, аны пайда кыла турган сыйкырдуу күч катарында баяндалган 60 баштуу ажыдаар ээлеп жаткандыгы айтылат.

Төмөнкү жалгыз көздүн элинде,

Суук-Төр деген төрүндө,

Аверден деген көлүндө,

Алтымыш баштуу ажыдаар

Андан барып окуп кел (Саякбай Каралаев, 2. 106),— деп жиберилген Алмамбет бала кезинде бул фантастикалык көлдөгү ажыдаардан окуп, магиялык укмуштуу өнөр, билимге үйрөнгөнү анын Манаска келгенден кийинки согуштук окуяларда көрсөткөн аярлык, жайчылык өнөрү менен далилденет. Жеке Алмамбет эмес, кытайдын Коңурбай, Кожожаш жана башкалар аяр, баатырлары да ушул жерден укмуштуу өнөргө ээ болуп чыгышат.

Абарга — калмак-моңгол, бурят элдеринин оозеки чыгармачылыгында мифологиялык зор жылан (ажыдаар). Демек, кыргызча Аберген Ажыдаар-Көл деген мааниге ээ деп эсептелет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4